Интерньюс Кыргызстандын кесипкөй журналистика чөйрөсүндө жыл сайын өтүүчү “Умтулуу” сынагына катышуу үчүн өтүнмөлөрдү кабыл алат.
Сынактын максаты
Өлкөдөгү медиа мекеме кызматкерлеринин, журналисттердин жана кесипкөй журналисттик контенттердин авторлорунун кесипкөйлүгүн
алкоо, алардын аудитория алдындагы жана жалпы коом алдындагы жарандык жана кесиптик жоопкерчилигин арттыруу, ошондой эле Кыргызстандын маалымат чөйрөсүн өнүктүрүү.
Сынак жооп табууга татаал, чечилиши кыйын, бирок маанилүү темалар боюнча коомдук талкууну жаратууга багытталган.
Сынактын номинациялары
Интерньюс сынакка бардык медиа форматта даярдалган, сапаттуу журналисттик материалдардын авторлорун сыйлайт. Материалдар төмөнкү темаларда болуусу керек:
1. “Коомдук кызыкчылык”
2. ”Тынчтык жана ынтымак”
3. “Балалыкты коргоо”
4. “Айлана-чөйрөнү коргоо”
5. “Маданият жана агартуу”
6. “Аракеттү инсан”
Ошондой эле “Умтулуу-2024” сыйлыгынын атайын номинациялары да бар:
– Темага берилгендиги үчүн кесиптештердин таануусу.
Быйылкы тема “Мурас: тарыхый эс тутум, тил, маданият”. Мында жеңүүчүнү онлайн добуш берүү менен медиа коомчулук аныктайт. Интерньюс добуш берүү башталган датасы жана орду тууралуу кошумча маалымат берет.
– “Таиржан Турсуналиевдин жаркын элесине арналган атайын сыйлык” аймактык журналистиканын өнүгүшүнө зор салымын кошкон медиа кызматкерине ыйгарылат.
Бул атайын сыйлыктын лауреатын Кыргызстандагы Интерньюстун сынактык комиссиясы аныктайт.