“УТРК Спорт” каналынын баяндамачылары эл аралык мелдештерди эфирге берүү учурунда. Сүрөт каналдын Фейсбуктагы баракчасынан алынды.
“УТРК Спорт” телеканалынын жамааты Париждеги Жайкы Олимпиаданы чагылдырууда чыңалуу абалында иштеди. Анын себептерин каналдын продюсери Шайырбек Арапов журналист Санжар Эралиевдин подкастында айтып берди.
Интервьюда каналдын кез-кезде сын-пикирлердин бутасына айланышы, анын себептери жана команданын сынга мамилеси тууралуу да сөз болот.
Маалымат үчүн: -“УТРК Спорт” – Улуттук телерадиокорпорациянын тутумундагы каналдардын бири. 2015-жылы эфирге чыга баштаган. Алгач “КТРК Спорт” деп аталып, 2022-жылдан “УТРК Спорт” деп өзгөрдү.
Ошондой эле эл аралык мелдештерди көрсөтүү үчүн лицензия алуу көйгөйү, чөнтөктү каккан чыгымдар жана беттештерди эфирге берүүдөгү орус тили саясатына да токтолобуз.
– Шайырбек мырза, Париждеги Жайкы Олимпиадада дээрлик күнү-түнү иштедиңер. Эл аралык бул абройлуу мелдеш бүткөнчө канал чыңалуу шартында иштеди десек болобу?
– Адамдын мойнунда кандайдыр бир милдет турган учурда ал чарчаганын билбейт экен. 11-августта Олимпиаданын жабылышы болуп, таңкы саат төрттөрдө бүттү. 12-августта баарыбыз эс алууга чыктык. Мен катуу чарчаганыбызды ошондо гана байкадым. Жыйырма күн бою тикеден тик туруп иштеп, көрөрмандардын алдындагы милдетибизди толук аткарып, анан бир жума жакшы эс алдык.
Олимпиаданы чагылдыруу үчүн чыгармачыл жана техникалык топ кошулуп, 60тан ашуун адам иштеди. Анткени, мелдештерди бир эле учурда Улуттук телерадиокорпорациянын төрт телеканалында көрсөттүк. Бир беттешти “УТРК Спорт” каналынан чагылдырсак, дагы бирин “Маданият” каналынан, дагы бирин “Музыка” каналынан, дагы бирин УТРКнын өзүнөн көрсөтүп турдук.
Шайырбек Арапов “Ала-Тоо 24” каналына интервью берип жатат. Сүрөт Араповдун Фейсбуктагы баракчасынан алынды.
– Канал кез-кези менен көрөрмандардын сын-пикирлеринин чордонунда болот. Бул көйгөй менен кантип күрөшүп жатасыңар?
– Хейтерлердин бар болгону жакшы экен. Кыргызстанда мурда спортко арналган телеканал жок эле. Спорттук мелдештерди комментарийлеген эки-үч гана баяндамачылар болгон. Айрымдар ошолорду гана баяндамачы катары билип, башкаларды кабыл алышы кыйын болду. Биз өз убагында чет элдик алдыңкы спорт каналдарындай ийгилик жарата албасак да, ошолордун деңгээлине жеткенге аракет кылып иштедик. Биздин канал 2015-жылы ачылган болсо, беш жыл бою сын-пикирдин бутасында болдук. Орус тилдүү баяндамачыларга көп сын айтылбайт, кыргыз тилдүүлөрдү сындай беришет.
Кыргызстанда окуу жайларда спорт журналисти даярдалбайт. Ушул тармакта иштегиси келген жаштар өздөрү каалап эле бизге келип, тажрыйба топтошту. Алар беш жыл бою көрөрмандардан укпагандын баарын укту. Бирөө сөгүп жазат, бирөө катуу урушуп салат. Керек болсо, арасында белгилүү адамдар болду. Мисалы, баяндамачы эки сааттык мелдешти жакшынакай чагылдырып, сонун маалыматтарды берип, арасында бир сөздөн адашып кетсе, ошол сөзү үчүн “Фейсбукка” бирөө пост жарыялайт, калгандары “тепкилеп” жатышат.
Баяндамачылар буга капа болушат. Режиссерлор же тажрыйбалуу кызматкерлер аларды сооротуп, “капа болбо, сен баяндамачы болуунун сырларын беш жыл университетте окуган эмессиң да, тажрыйба топтоп жатасың. Баары жакшы болот” дейбиз. Кээ бир учурларда ошондой пост жазган кишилерге байланышып, биздин каналга келип, баяндамачы болуп иштөөнү сунуштадым. Башындагы беш жыл биздин команда үчүн кылымга тете болду. Кийин гана, тагыраагы Токиодогу Жайкы олимпиада учурунда сын-пикирлердин толкуну токтоду.
Чын айтсам, ошол беш жыл аралыгында баяндамачыларыбыздын деңгээли жогорулады. Биз алардын кесипкөйлүгүн өстүрүү үчүн чет өлкөлөргө окууга жөнөтө албайбыз, же сырттан тажрыйбалуу баяндамачыларды Кыргызстанга чакырып, окутууларды уюштуруп бере албайбыз. Андай шарт жок болгондуктан, биздин командадагы балдар-кыздар өздөрү аракет кылып, үйрөнүп, тажрыйба топтошту, кесипкөй болуп калышты.
– “УТРК Спорт” каналынын деңгээлин көтөрүүгө ошол сын-пикирлер салым кошту десек болобу?
– Ооба. Буга кошулам. Бизди сындагандардын көбү футбол сүйүүчүлөрү. Алардын айткандарын мен баяндамачыларга жеткирем, талдайбыз. Ошентип өстүк. Эгер эч ким унчукпаганда, балким биз өзүбүздү идеалдуу сезип алып, такыр өспөй калмакпыз.
“УТРК Спорт” каналынын журналисттери улуттук оюндарды түз эфирде көрсөтүүгө даярданып жаткан кез. Сүрөт каналдын Фейсбуктагы баракчасынан алынды.
– Эки жыл мурунку интервьюда каналдын техникалык базасын чыңдоо муктаждыгы бар экенин айткан экенсиз. Азыр абал кандай? Быйылкы Олимпиаданы чагылдырууда кандай маселелер түйшөлттү?
– Техникалык жактан жылдан жылга жакшырып, дүйнөлүк стандарттарда иштегенге өтүп жатабыз. Мисалы, быйылкы Олимпиадада техникалык жактан маселе жаралган жок. Бизди түйшөлткөнү – күнү-түнү иштеш үчүн баяндамачылар аздык кылды. Ага карабай, чоң көлөмдөгү трансляцияны 12 баяндамачы чагылдырды.
Мисалы, “УТРК Спортто” футболду сунуштаган баяндамачы ал мелдеш бүтөрү менен жарым саат эс алса, эс алат да, Маданият каналына волейболду чагылдырууга чуркайт. Ал арада дагы бири УТРКнын биринчи каналына күрөштү чагылдырууга барат. Биздин өлкөдөн барган балбандардын экөө бир учурда беттешке чыккан учурлар болду. Андайда эки баядамачы “УТРК Спортто”, дагы бири башка каналга барып, бардык мелдештерди өз убагында, кечиктирбей элге көрсөтүштү.
“УТРК Спорт” каналынын журналисттери көкбөрү оюнун чагылдыруу учурунда. Сүрөт каналдын Фейсбуктагы баракчасынан алынды.
– Сиз айтып жаткан 12 баяндамачынын баары такай иштейби же Олимпиада учурунда жалдап алып келдиңиздерби?
– Биздин каналдын штаттык кызматкерлердин саны 25 киши. Көбү техникалык топко кирет. Ал эми баяндамачылар, кабарчылар жана редакторлордон турган чыгармачыл топто 7 эле киши бар. Анын төртөө баяндамачы. Ошондуктан, биге сырттан да баяндамачылар келип иштешет. Өздөрүнүн негизги жумушу башка, бизге гонорар үчүн эмгектенишет.
– Олимпиадада күнү-түнү иштегенге туура келгенин айттыңыз. Эгер баяндамачынын негизги жумушу башка болсо, анда маселени кантип чечтиңер?
– Эки-үчөөнү “жумушуңардан эмгек өргүүсүнө чыккыла, бизге керексиңер” деп сурандым. Эки баяндамачы буга макул болуп, негизги иштеген жеринен эс алууга чыгышты. Бир баяндамачы бизге кечинде келип, түнкү саат үчкө чейин иштеп жүрдү. Эртең менен жумушуна кетет, кечинде бизге келет. Абалдан ушинтип эле чыктык.
– Канал жаңы ачылган 2015-жылы техникалык базасы өтө мыкты эмес, адистер жок болчу. Ошол алгачкы жылдардагы жагдайды азыр кантип сүрөттөйт элеңиз?
– Канал ачылып жатканда, анын техникалык базасы, командасы түптөлөт эмеспи. Кыргызстанда ага чейин спорт тармагындагы журналистикага көп деле көңүл бурулган эмес. Улуттук биринчи каналда спорттук көрсөтүүлөр болгону менен, бүтүндөй бир каналды алга сүрөп кете турган күч жок эле.
Мен ал учурда “Жаштар” студиясында эмгектенип жүргөм. Ошол студиядагылардын баары “Спорт” каналына өткөнбүз. Төшкө уруп эле иштеп кеткенбиз. Азыр ойлоп, кантип ушундай тобокелдикке бардык экен деп калам. Себеби, же контент жок, же эфирди толтуруп бергенге адам жок. Анан ойлонуп отуруп, АКШнын, Орусиянын интернетке жүктөлгөн спорттук көрсөтүүлөрүн, мелдештерди жүктөп алып, алардын жазууларын жаап, эфирге берет элек. Эгер ошол жорукту азыр жасасак, бизди сотко бермек. Анда эч ким деле көңүл бурбаптыр.
Футболдон Испаниянын жана Германиянын премьер-лигасынын лицензиясын алганбыз. Ал оюндар ишемби-жекшемби күнү болор эле. Аны түз эфирде коюп, жаздырып алып, анан кайра кайталап көрсөтүп жүрдүк. Эфирдин режиссерлору – Элдияр Айылчиев, Бектен Токтонов, Абийир Жусупакуновдор каармандык менен иштешкен.
“УТРК Спорт” каналынын продюсери жана техникалык тобу түз эфир учурунда. Сүрөт каналдын Фейсбуктагы баракчасынан алынды.
– Азыр эл аралык мелдештердин лицензиясын сатып алуу жагын кантип чечесиңер? Олимпиадабы, футбол чемпионатыбы, аны эфирден көрсөтүү акысыз эмес. Силерге каражат бюджеттен берилеби же демөөрчүлөр болобу?
– 2022-жылга чейин контент сатып алуу Кыргызстан үчүн жеңил болчу. Лицензиянын суммасын айта албайм, анткени ал коммерциялык сыр. Лицензия берчү чет өлкөлүк компанияларга кат жазганда, абалыбызды түшүндүрүп айтар элек.
Себеби, бюджеттен акча бөлүнбөйт, корпорациянын өзүнүн булактарынан, рекламадан түшкөн каражатты гана сарпташыбыз керек. Кыргызстандагы реклама базары кичине жана экономика чабал болгондуктан, лицензияны да бизге арзан сатышчу.
2022-жылдан баштап лицензиянын баасы өстү, сатып алганга мүмкүнчүлүк жок жагдайларга туш келдик. Быйылкы Париж Олимпиадасынын лицензиясын сатып алалы десек, ушунчалык чоң сумма келди… Миллиондор, доллар менен. Элестетип жатасызбы?
Мунун себептерин изилдеп, сингапурлук, кытайлык, түркиялык, малайзиялык компаниялар менен сүйлөштүк. Реклама рыногу азыр интернетке көчкөнүн, телеканалдарда мурдагыдай реклама жоктугун айттык. Сингапурлук кесиптешим анын себебин түшүндүргөндө таң калдым. “Биринчиден экономикаңардагы өсүштүн көрсөткүчү себеп. Экинчиден, Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков сыяктуу спортчуларыңар үчүн быйыл лицензияны кандай болсо да сатып аласыңар”,- деди.
Демек, лицензиялар мамлекеттен чыгып жаткан спортчулардын деңгээлине жараша да кымбаттайт экен. Ошентип, биз лицензияны сатып алып, сүйүнүп калдык. Быйылкы Олимпиаданын лицензиясын алууга мамлекеттик бюджет биринчи жолу жардам берди.
Кийин дагы бир маселе жаралды. Көрсө, лицензиянын келишимине балбандар күрөшө турган бир гана килемче кирет экен. Ал эми дагы эки килемчени коммерциялык сигналдын келишимине киргизип коюшуптур. Биздин балбандар чыккан килемчелердин баары коммерциялык сигналдарга катталган килемдерге туш келбедиби. Ар бирине өзүнчө акча төлөп, эфирге узаттык. Бирок маселе жаралбады, баарын сатып алдык. Эгер ага акча таба албай калсак, эмне болот эле? Колубуздан келгендин баарын жасадык жана кыргыз спортчулары кайсыл килемде күрөшсө да, аларды өз убагында элге көрсөттүк.
– Аны чагылдыруу, баяндоо жагын да ошондой жогорку деңгээлде болду деп айта аласызбы?
– Көз тийбесин. Быйыл Олимпиада маалында сын-пикирлер аз болду. Баяндамачылар кесипкөйлүк менен иштеди. Алар эмгектенип жаткан учурду операторлор видеого тартып алышты. Алардын эмоцияларынын баарын видеого жаздырып алдык. Жакында социалдык түйүндөгү баракчаларыбызда көрөрмандарга сунуштайбыз.
“УТРК Спорт” каналынын оператору көкбөрү оюнун тартып жатат. Сүрөт каналдын Фейсбуктагы баракчасынан алынды.
– “УТРК Спорт” мелдештерди дайыма кыргызча жана орусча баяндама менен бересиңер. Коомчулукта “кыргызча эле кылбайбы, орусчасын Орусиянын каналдарынан эле көрүп алмакпыз” дегендер бар. Бул канчалык орундуу деп ойлойсуз?
– Кыргыз тилдүү баяндамачыларды өстүрүп, даярдап, алардын санын көбөйткөнгө чейин бул маселени чечүү кыйын. Анткени, баяндамачылык үчүн да талант керек. Баары жүрөктөн чыгышы кажет. Бизге баяндамачы болом деп келгендерди сынап көрөбүз. Микрофонго чейин аябай сүйлөп, көп нерсени билерин айтышат. Анан микрофонду күйгүзүп, футболдун бир беттешин коюп беребиз. Футболчуларды тааныштырып, оюн тууралуу айтып жакшына баштайт да, бирок бат эле сөзү түгөнүп калат.
Жыл сайын кастинг өткөрөбүз. Баяндамачы болот элем деп ниетин билдирген ар 15 кишиден бир же эки киши жарайт. Башкалардын маалыматы жакшы болсо, үнү жарабайт, эмоциясы жакшы болсо, маалыматы жетишсиз же беттеш болуп турган учурду сүрөттөгөндү билбейт.
Дагы бир айта кетчү жагдай, эл аралык маанилүү спорттук иш-чараларды телеканалдар лицензия менен гана көрсөтөт. Мисалы, кайсы бир футбол мелдешинин лицензиясын сатып алганда “бул мелдешти Кыргызстандын аймагында көрсөтүүнүн эксклюзивдүү укугу УТРКда. Аны үчүнчү тарапка сатууга УТРКнын акысы жок” деп белгиленет.
Чоң лицензиялык турнирлердин беттештери башталган кезде Орусиянын жана башка өлкөлөрдүн телеканалдарынын сигналдары Кыргызстандын аймагында өчүрүлөт. Бул дүйнөлүк тажрыйба. “Орусчасын орус каналдарынан көрүп алабыз” деп айткан туура эмес. Ошондуктан, биз эки тилде беребиз.
Кээ бир учурда баяндамачылардын санына жараша, кайсы бир мелдешти жалаң кыргызча беребиз, же жалаң орусча баяндама менен эфирге узатабыз. Мисалы, Олимпиадада Жеңил атлетика боюнча мелдештин финалында орус тилдүү баяндамачы гана иштеди. Ошол маалда төрт-беш көрөрман телефон чалып, “эмнеге орусча көрсөтүп жатасыңар?” деп сурады. “Кыргыз тилдүү баяндамачыбыз азыр жок эле” деп түшүндүргөнгө аракет кылдык. Ошондуктан, кыргызча гана көрсөткүлө дегенди туура талап деп айта албайм.
Футболдон Европа чемпионаты маалында бир оюнду кыргыз тилдүү баяндамачылар менен сунуштадык. Анткени, ошол күнү орус тилдүү кызматкерибиз жок эле. Анан эле электрондук дарегиме бир аял кат жазды. “Менин сегиз жаштагы балам кыргызча түшүнөт, бирок менин жашымдагылар түшүнбөйт. Мен сыяктуулар үчүн орусча да көрсөткүлө” дейт. Тил маселеси убакыттын өтүшү менен эле чечилет.
Санжар Эралиев, журналист.
Бул макала USAID каржылап, Freedom House менен өнөктөштүктө ишке ашырылган Кыргызстандагы Интерньюс уюмунун “Медиа-К” долбоорунун колдоосу менен даярдалды. Бул макала көз карандысыз автордуку же авторлор тобунуку жана анын мазмуну USAID’дин, АКШ өкмөтүнүн, Internews’тун же Freedom House’тун көз карашын сөзсүз түрдө чагылдырбайт.