Интерньюс регионалдык жаңы долбоорго эки бош орун жарыялайт
Интерньюс Борбордук Азиядагы болуп жаткан окуяларды объективдүү жана тең салмактуу чагылдырууну жакшыртууга багытталган регионалдык долбоорго менеджер жана координатор издеп жатат.
Бул Кыргызстан менен Тажикстандын медиалары үчүн жаңы долбоор, ал 2024-жылдын мартына чейин созулат жана Бишкекте жайгашуу мүмкүнчүлүгү бар эки бош орун ачат.
1.Программалык менеджер
Программанын менеджери эки өлкөдө долбоордун иш-чараларын материалдык-техникалык жактан камсыздоону жана ишке ашырууну көзөмөлдөйт жана алар жайгашкан өлкөдө жалпы долбоордук байланышты башкарат. Ал долбоордун өз өлкөсүндө долбоордо белгиленген максаттарга жооп беришин камсыз кылуу үчүн, ошондой эле долбоордун командасы менен өнөктөш уюмдар жана бенефициарлар ортосундагы кызматташтык үчүн жооптуу болот.
Өтүнмөлөр ар убак каралып турат, андыктан талапкерлер өтүнмөнү мүмкүн болушунча жакынкы убакытта берсе болот.
Кызматтык милдеттери:
* Долбоор тарабынан колдоого алынган эки өлкөдө Кыргызстанда жана Тажикстанда болуп жаткан бардык иш-чараларды программалык, административдик жана материалдык-техникалык башкарууну камсыз кылуу.
*Потенциалдуу милдеттерге жергиликтүү ЖМКлар, редакторлор, журналисттер, блогерлер, активдүү жарандар жана башка тиешелүү кызыкдар тараптар, анын ичинде тиешелүү мамлекеттик органдар менен байланышты аныктоо жана колдоо камтылышы мүмкүн; бенефициарлар, иш-чаранын спикерлери, тренерлер жана катышуучулар менен байланышты камсыз кылуу; биргелешкен иш-чараларды өткөрүүдө же контентти түзүүдө/алга жылдырууда, анын ичинде долбоордун алкагында жүргүзүлгөн ар кандай изилдөөлөрдү карап жана иштеп чыгууда башка өлкөлөрдөгү долбоордун кызматкерлери менен кызматташуу; жана башка милдеттер.
* Тажикстандын өлкө командасы менен Кыргызстандын өлкө командасынын ортосундагы долбоорлорду координациялоо жана байланышты башкаруу.
* Тренерлер, консультанттар жана иш-чаранын катышуучулары үчүн жалдоо жана сапар логистикасын Долбоордун координатору менен биргеликте координациялоо. Милдеттерге сапарларды жана турак-жайды уюштурууда көмөк көрсөтүү, жалдоо боюнча материалдарды чогултуу жана түзүү ж.б. камтышы мүмкүн.
* Долбоордун командасы жана катышуучулар/бенефициарлар менен контенттин идеяларын иштеп чыгуу жана долбоордун катышуучуларынын активдүүлүгүн жана кызыгуусун камсыздоо үчүн креативдүү иштөө.
* Өлкөдөгү жарандык коом, ИT-сектору жана Интернет эркиндиги коомчулугу менен алардын түшүнүүчүлүгүн, салымын жана долбоорго катышуусун камсыз кылуу үчүн мамилелерди жакшыртуу жана колдоо.
Талап кылынган квалификация:
* ЖМКлар менен иштөөдө же өнүктүрүү долбоорлорунда 3 жылдан ашык ийгиликтүү тажрыйбасы бар, медиа тармагында болсо артыкчылыктуу
* Тиешелүү жогорку билими
* Кыргызстандагы жана Тажикстандагы медианын абалын жана көйгөйлөрүн, анын ичинде чыр-чатакка сезимтал журналистиканы, ошондой эле дезинформация жана жек көрүүнү козутуу жааттарын терең түшүнүү
* Мыкты аналитикалык жана жазуу көндүмдөрү
* Мыкты байланыш жана презентациялоо көндүмдөрү
* Бюджетти жана чыгымдар боюнча отчетторду түзүү тажрыйбасы
* Коопсуз байланыш каражаттарын үйрөнүүгө жана ишке ашырууга дилгирлиги
* Деталдарга көбүрөөк көңүл буруу менен далилденген уюштуруучулук жөндөмү
* Орус, англис жана кыргыз тилдерин кесипкөй деңгээлде эркин билүүсү
* USG эрежелери жана жол-жоболору жөнүндө билсе жана тажрыйбасы болсо артыкчылык берилет.
Маанилүү! Программа менеджеринин вакансиясы жөнүндө толук маалымат жана өтүнмө берүү үчүн англис тилиндеги форма.
2.Программанын координатору
Кызматтык милдеттери
*Программанын координатору өлкө аймагында долбоордун материалдык-техникалык камсыздалышын жана ишке ашырылышын көзөмөлдөйт, өлкөдөгү бардык долбоордук иш-чаралардын аткарылышына жана графикке, иш көлөмүнө, максаттарга жана бюджетке ылайык бүткөрүлүшү үчүн жоопкерчиликте болот; долбоордун натыйжаларын талдоо; техникалык эксперттердин ишине жетекчилик кылуу; о.э. бенефициарлар жана өнөктөштөр менен мамилелерди жүргүзүү.
* Тренерлер, консультанттар жана иш-чаранын катышуучулары үчүн жалдоо жана сапар логистикасын Долбоордун менеджери менен биргеликте координациялоо. Милдеттерге сапарларды жана турак-жайды уюштурууда көмөк көрсөтүү, жалдоо боюнча материалдарды чогултуу жана түзүү ж.б. камтышы мүмкүн.
Талап кылынган квалификация:
* ЖМКлар же өнүктүрүү долбоорлору менен иштөөдө 1 жылдан ашык ийгиликтүү тажрыйбасы, ЖМК тармагында болсо артыкчылыктуу;
* Тиешелүү жогорку билими;
* Кыргызстан менен Тажикстандагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын маселелерин жана көйгөйлөрүн, анын ичинде дезинформация жана кастыкты козутуу чөйрөсүн терең түшүнүүсү;
* Мыкты аналитикалык жана жазуу көндүмдөрү;
* Мыкты коммуникация жана презентациялоо көндүмдөрү;
* Бюджетти жана чыгашалар боюнча отчетторду түзүү тажрыйбасы;
* Коопсуз байланыш каражаттарын үйрөнүүгө жана ишке ашырууга дилгирлиги;
* Деталдарга өзгөчө көңүл буруу менен далилденген уюштуруучулук жөндөмдөрү;
* Орус жана кыргыз тилдерин кесипкөй деңгээлде эркин билүү талап кылынат.
* Англис тилин кесипкөй деңгээлде эркин билсе артыкчылык берилет.
* USG эрежелери жана жол-жоболору жөнүндө билсе жана тажрыйбасы болсо артыкчылык берилет.
Маанилүү! Программанын координатору вакансиясы жөнүндө толук маалымат жана өтүнмө берүү үчүн англис тилиндеги форма.