Интерньюс долбоор координатору кызматына бош орун жарыялайт
2021-жылы Media-K долбоору ММКлардын кесипкөйлүгүн жана көз карандысыздыгын бекемдөөнүн үстүндө активдүү иш алып барат. Иш-аракеттердин максаты КРнын жарандарынын ар түрдүү жана теңдештирилген маалыматка жеткилигин, ошондой эле алар маалыматты бурмалоого жана жалган маалыматка аз кабылышын, баамдалган чечим жасап, өз коомчулугунун өнүгүүсүнө активдүү катышуусун камсыздоо.
Медиа-К долбоору 2021-жылы аракеттер чөйрөсүн кеңейтип, демократиялык ченемдерге негизделген мыйзамдуу парламенттик шайлоонун жана реформа процесстеринин өткөрүлүшүнө көмөктөшмөкчү.
Бул багытта кийинки компоненттери ишке ашырылат:
- Парламенттик шайлоого багытталган, видеосабактарды өндүрүү аркылуу медиасабаттуулук боюнча иш-чаралар
- Жарандык журналистиканын өнүгүүсүн колдоо
- Аймактардагы жаштарды ММКлар аркылуу иштиктүү жарандык катышууга чакыруу
- Жарандык темаларды жергиликтүү коомчулуктар деңгээлинде талкууга алуу.
Аталган иш-аракеттерди координациялоо үчүн Интерньюс кийинки мүнөздөмөлөргө жооп берген адистерди чакырат:
- медиа уюмдарын, долбоорлорун, багыттарын координациялоо жанаже башкаруудагы тажрыйбасы бар;
- креативдүү жана медиалык багыттар үчүн брифтердитехникалык тапшырмаларды түзүү, подряддык уюмдар үчүн керектөөлөрүн аныктоо жана иш процессин уюштуруу жаатында тажрыйбасы бар;
- шайлоо мыйзамдары тармагындагы негизги билимине ээ;
- медиаконтентти өндүрүү боюнча билими бар;
- кыргыз жана орус тилдерин билген (оозеки, жазуу);
- англис тилин билгени артыкчылыктуу болот.
Интерньюс кеңсесинде иш орду менен толук иш күнү болжонот
Келишим мөөнөтү: 2021-жылдын январь-декабры.
Тандалган талапкерлер маектешүүгө чакырылышат.
Арыз формасын 2021-жылдын 15-январы, саат 18.00дөн кеч эмес БУЛ ЖЕРДЕН толтуруу керек.
Суроолор пайда болгон учурда Назик Чекировага [email protected] дареги боюнча кайрылууга болот.