Кыргызстандагы Интерньюс «Видеобаяндоо: колдонууга жетекчилик» онлайн-сессиясын өткөрөт

Креативдүү видеоконтент даярдоого кызыкдар журналисттерди, режиссёрлорду жана продюсерлерди «Видеобаяндоо: колдонууга жетекчилик» онлайн-сессиясына чакырабыз.

 

Онлайн-сессияда видео аркылуу маалыматты кантип жеткирүү керек, кадрлардын кѳлѳмү, ѳз ара аракеттенүү огу, монтаждык фраза жана кѳрүүчүлѳргѳ кандай титрлер жеткиликтүү жана түшүнүктүү болору жѳнүндѳ кѳрсѳтүлѳт жана баяндалат.

 

Вебинар 27-июлда саат 16:00дѳн 18:00гѳ чейин орус тилинде кыргыз тилине синхрондуу которуу менен өткөрүлөт.

 

 

Тренер – Ибрагим Хасан-Ахунов, Кыргызстандагы ЖМКларда жана продакшн-студияларда 30 жылдык  иш тажрыйбасы бар медиаэксперт. Радиодо алып баруучу жана үн режиссёру болуп ишин баштап, ал өзүнүн карьерасын ТВда жана эл аралык долбоорлордо оператор, оператор-коюучу жана режиссёр катары уланткан.

 

Ибрагим Хасан-Ахунов – «Истина» фестивалынын (Украина), «Соль земли» кинофестивалынын (Самара, Россия), «Спасти и сохранить» фестивалынын (Ханты-Мансийск, Россия), ВВС Дүйнөлүк жаңылыктар кызматы уюштурган Екатеринбургдагы Эл аралык фестивалдын (Россия), Эл аралык экологиялык фестивалдын (Душанбе, Тажикстан) лауреаты.

 

Ал 17 жылдан бери республиканын ЖМК кызматкерлери үчүн режиссёрлук, оператордук чеберчилик, ТВ-программаларды даярдоо, онлайн-платформалар үчүн мультимедиалык видеоконтент түзүү боюнча тренингдерди өткөрүп келет.

 

 

Онлайн-сессияга катышуунун шарттары

Катышуу үчүн Кыргызстандагы ЖМКлардан журналисттер, операторлор, калыптоочулар жана продюсерлер ѳтүнмѳ жѳнѳтсѳ болот.

Тренингдин катышуучулары ѳтүнмѳлѳр сынагынын негизинде аныкталат.

Эгер 26-июль саат 13.00гө чейин катталсаңыз, сынакка катыша аласыз.

Катталуу формасы бул жерде

Иш-чарага шилтемеси бар чакыруу 26-27-июль күндөрү сиздин ѳтүнмѳдѳ көрсөтүлгөн электрондук дарегиңизге жѳнѳтүлѳт.

 

Суроолоруңуз болсо, КРдагы Интерньюстун Тренинг өткөрүү жана контент өндүрүү боюнча борбордун координатору Элима Джапаровага [email protected]  электрондук дареги боюнча кайрылыңыз.

Бөлүшүү