"Медиа топтоо - 2019" Индустриалдык форумуна онлайн каттоо жабылат

27-28-апрелде Кыргызстандын медиажамааты “Медиа топтоо - 2019” Индустриалдык форумдун алкагында дүйнөлүк жана жергиликтүү тармактык тренддердди талкулоо үчүн Бишкектеги Асанбай-борбордо экинчи жолу чогулат.

 

Аймактардан келе турган катышуучуларды каттоонун акыркы күнү -  2019 -жылы, 10чу апрель.

Башкаларга каттоонун акыркы күнү -  2019 жылы, 20чи апрель.

 

“Топтоо” – бул сөз чогултууну, чогулууну туюнтат. “Медиа топтоо” форумубуз – бул Кыргызстанда сапаттуу, көз карандысыз жана заманбап медианы өнүктүрүүнү каалаган тилектештердин жыйыны.

“Медиа топтоо” – өлкөнүн медиатармагындагы эң зор окуя. Буга катышуучулардын чоң кызыгуусу, форумга катыша турган жергиликтүү жана эл аралык спикерлер менен коноктордун саны жакшы далил боло алат.

“Медиа топтоо” Кыргызстандын медиа тармагынын өнүгүүсүнө түрткү берет, аны өткөрүү – Интерньюстун башкы максаттарынын бири болуп саналат.

 

Темалар: санарип медиа жана телеберүү жаатындагы тренддер, максаттуу аудиторияны түшүнүп-билүү, заманбап медиаколдонуу, пиплметриянын маалыматтары менен иш алып баруу, сапаттуу контентти жаратуу, коомдук тармактар жана онлайн-видео, жарнама жана ЖМКлардын каражаттары.

Катышуучулар: ЖМКлардын кызматкерлери, медиаменеджерлер, SMM- жана PR-адистери, медиауюмдар, маркетинг жана жарнама тармактарынын өкүлдөрү.

Формат: презентациялар, мастер-класстар жана панелдик талкуулар, техникалык көргөзмө.

Форумдун негизги спикерлер: Анна Качкаева, Елена Афанасьева, Синан Эркингез, Артем Платов, Наира Давлашян, Адилет Бектурсунов, Виктория Борщенко, Азим Азимов, Толкун Умаралиев, Антон Уткин, Софья Балакина, Карлыгаш Еженова.

 

Форумга катышуу үчүн эмне кылуу керек

Бул форум Кыргыз Руспубликасында иштеген медиаларга, ММКларга, жарнама жана контентин өндүрүүчүлөргө ачык жана акысыз.

Кыргызстандагы Интерньюс өкүлчүлүгү жана "Сорос-Кыргызстан" Фондусу аймактардан келген 30 адамдын келүүсүнунун жана жашаган жайынын акысын төлөйт. Финансылык колдоону каалаган аймактык өкүлдөр форумга катышуу үчүн 10-апрелге чейин катталышы керек.

 

Программасы:

Кыргызча

 

Урматтуу кесиптештер!

Форумдун жалпы иш-чаралары (мастер-класстардан тышкары) кыргыз жана орус тилдердине синхрондук котормонун коштоосу менен өтөт.

Техникалык жабдууларды алыш үчүн паспортунузду ала келиңиз.

 

Бишкектик катышуучулардын жана өз каражаттары менен келгендердин каттоонун акыркы мөөнөтү - 20чы Апрель

 

Толук программа жана спикерлер жөнүндө маалыматты mediatoptoo2019.internews.kg сайттан көрсө болот.

Бөлүшүү