Медиа Полиси институту шайлоо маалында ММКларга колдоо көрсөтүүдө.

 

Журналисттер жана ММКлар адилет шайлоону камсыздоодо маанилүү роль ойноп келишет. Алдыда турган парламенттик шайлоонун жыйынтыгында кайсы партиялар жана кайсы талапкерлер кийинки 5 жылга коом атынан бийликке келе турганы чечилмекчи.

 

 

Шайлоочунун баамдуу добуш берүүсү үчүн ал талапкерлер жана шайлоо процесси туурасында толук маалыматка ээ болушу зарыл. Массалык маалымат каражаттары тарабынан жарандарды калыс маалымдоосу жок эркин жана адилет шайлоону өткөрүү мүмкүн эмес.  

 

Медиа Полиси институту Кыргызстандагы Интерньюс өкүлчүлүгү тарабынан колдоого алынган долбоор алкагында журналисттерге шайлоону чагылдыруусунда алардын укуктары жана милдеттери темасына укуктук кеңеш берүү менен алдыдагы шайлоого өз салымын кошуп келүүдө.  

 

ММКлар Медиа Полиси институтунун юристтерине кайрыла алышат, алар өз кезегинде журналисттик басылмаларды мүмкүндүү укуктук тобокелдиктерден арылтуу максатында аларды талдоого жардам бермекчи.

 

Мыйзам бузуу учурлары орун алганда доо арыз берүү тобокелдиктерин кыскартуу жана жалпысынан тексттин юридикалык коопсуздугун камсыздоо үчүн сунуштарды беришмекчи.

 

Ошондой эле Медиа Полиси институту журналисттер менен ММКлар өкүлдөрүнө алар шайлоо мыйзамдарын түшүнүүсү, шайлоо туурасында маалымдоону үгүттөө аракетинен айырмалоосу, шайлоо мыйзамдарын бузууда кандай жоокерчилик бар экендигин түшүнүүсү үчүн жана башка учурларда колдоо көрсөтүп, кеңеш берет.

 

 

 

Бөлүшүү