«Шайлоо жана ММКлар: каталардын үстүндө иштөө» онлайн-сессиясына катталыңыздар

КРдагы Интерньюс өкүлчүлүгү Кыргызстандын ММКларынын журналисттери жана басылмалардын редакторлору үчүн «Шайлоо жана ММКлар: каталардын үстүндө иштөө» онлайн-сессиясын өткөрөт.

 

Сессия 14-декабрь күнү Бишкек убактысы боюнча 15.00дөн 17.00гө чейин өтөт.

Тили: орус тили, ошондой эле кыргыз тилине синхрондуу котормосу каралган.

Тренерлери:

 

Сырга Исабаева – Медиа полиси институтунун юристи, адвокат, шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъектилерин маалымдоо маселелери жана үгүттөө эрежелери боюнча иш тобунун мүчөсү.

 

         

Акмат Алагушев -  КРнын медиа өкүлү, юрист, «Журналисттик ишмердүүлүктүн укуктук аспектилери» аттуу журналисттер үчүн практикалык окуу куралынын, ММКнын бир тарабынын же журналисттин катышуусу менен соттук чечимдерди изилдөө боюнча «Маалыматтык укук жана соттук реформа» китебинин, ММКлар менеджерлери үчүн практикалык окуу куралынын автору.

   

Сессия темалары:

  • Шайлоонун маалыматтык камсыздоосу
  • ММКлар үчүн шайлоо мыйзамдары тарабынан орнотулган чектөөлөр
  • ММКлардын шайлоо мыйзамдарынын жоболорун бузуусу үчүн жоопкерчилиги
  • Журналисттердин укуктары менен милдеттенмелери

Тренерлер журналисттердин суроолоруна онлайн жооп беришет.

Сессияга катышуу үчүн 11-декабрь, 11.00гө чейин шилтеме боюнча катталуу зарыл.

Катталуу 

 

Иш-чарага шилтемеси бар чакыруу сиз арызда көрсөткөн электрондук дарекке 11-12-декабрда жиберилет.

Бардык суроолор боюнча КРдагы Интерньюстун Тренинг жана контент өндүрүү борборунун координатору Элима Жапаровага [email protected] электрондук дарегине кайрылууга болот.
Бөлүшүү