Кыргызстандагы Интерньюс шайлоо-2020 боюнча долбоорлорду колдоду

USAID-дин каржылык колдоосунда ишке ашырылып жаткан Кыргызстандагы Интерньюстун «Медиа-К» долбоору шайлоо процессинин негизги катышуучуларына укуктук, техникалык жана медиалык колдоо көрсөтүп, өлкө парламентинин жаңы курамына шайлоо боюнча жүрүп жаткан кампаниялар алкагында бир катар маалыматтык жана билим берүүчү багыттарды колдоп келүүдө. 

Тренингдер, редакцияларды жана БШКны колдоо

Медиа-К БШК менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катары тыгыз кызматташып келет. Журналисттерге:

- шайлоо процессинин ар бир баскычындагы өзгөчөлүктөрүн түшүнүүгө,

- маалымдоону үгүттөө аракетинен айырмалоого,

- БШКнын маалыматтык ресурстарында багыт таап, ачык маалыматты өз жарыяларында жана материалдарында колдонууга,

- кастык тилин айырмалап, Facebook жана Twitter сыяктуу глобалдуу платформаларда маалыматты бурмалоо маселелери боюнча онлайн иш алып барууга жардам берген биргелешкен бир катар тренингдер соңуна чыгып жатат.

«Медиа-К» БШК отурумдарынын түз көрсөтүүсүн жүргүзүү үчүн жабдууларды орнотуу иш-чарасын колдомокчу.

Ошондой эле Медиа-К шерик уюмдардын ишмердүүлүгүн каржылоодо. Алардын ишмердүүлүгү ачык шайлоону өткөрүүгө, журналисттердин этикасынын жогорку стандарттарын сактоо менен шайлоону чагылдырууда ММКлардын эркин катышуусун камсыздоого, журналисттер жана ММКлар укуктарын коргоого жана ошондой эле жалган маалыматтын таралышына каршылык көрсөтүүдө жардам берип келет.

Медиа Полиси Институтунун юристтери жана БШК мүчөлөрүнүн катышуусунда журналисттер жана редакторлор үчүн шайлоо кампаниясынын маалындагы ММКлардын укуктары менен жоопкерчилигин түшүндүргөн тренингдер өткөрүлдү.

Медиа Полиси Институту журналисттерге кеңеш берип, мүмкүндүү тобокелдиктерди жана соттук териштирүүлөрдүн алдын алуу максатында материалдардын жарыялануу алдындагы талдоосун даярдап келүүдө.

#ДобуштунКүчү маалыматтык кампаниясы

 

Antares Creative Group продакш-студиясынын үч алып баруучусу, 1.1 Studio жана Media Kitchen телеканалдар жана социалдык тармактар үчүн #СилаГолоса #ДобуштунКүчү аттуу бирдиктүү хештегдеги медиапродуктуларды даярдап, алар шайлоочулар үчүн уюштурулган маалымат кампаниясынын негизи болуп калды.

Бул роликтер жаштардын жарандык билим алуусуна жардам берип, алардын шайлоого катышуусуна, өз добушун сатпастан, баамдалган тандоо жасап, шайлоо кампаниясынын жүрүшүндө манипуляцияга, кастык тилине жана жалган маалыматка азгырылбашына үгүттөп, ошондой эле шайлоо процессине аялдардын көбүрөөк катышуусуна түрткү бермекчи.

Бардык роликтерди бул жерден жүктөп алууга болот.

ТВ үчун роликтер:

 
 
 
социалддык тармактар үчүн роликтер:
 
 
 

Кастык тилине жана шайлоо алдындагы убадаларга мониторинг жүргүзүү

Борбор Азиядагы Тынчтыкты орнотуу жана медиатехнологиялар мектебинин жетекчиси Инга Сикорскаянын жетекчилиги алдында эксперттер тарабынан медиадагы кастык тили боюнча бир катар изилдөөлөрү башталды.

Биринчи изилдөөсү  (бул жерден) Кыргызстандагы шайлоо алдындагы дискурска тиешелүү (июль-август).

Үгүттөө маалындагы жана шайлоодон кийинки аралык изилдөөлөр күтүлүүдө. Ошондой эле журналисттер үчүн кастык тилин айырмалоо жана этикалык ченемдерди сактоо боюнча практикалык тренинг өткөрүлдү.

Politmer.kg шайлоо алдындагы убадаларга мониторинг жана көзөмөлдөө жүргүзүүгө жардам берип келет. Бул саясий партиялардын саясий программаларынын, убадаларынын жана талапкерлердин билдирүүлөрүнүн аныктыгы жана реалдуулугу туурасында шайлоочулардын маалым болуусун жогорулатууга жол берет.

Дебаттардын фактчекинги жана мониторинги

Үгүттөө маалында Factcheck.kg командасы саясий партиялардын жана алардын талапкерлеринин социалдык тармактарда жана теледебаттар маалындагы чыгып сүйлөгөн сөзүнө, айткандарына, убадаларына, аларда манипуляция кылуу жана маалыматты бурмалоо аракеттеринин орун алуу учурларына такай мониторинг жүргүзүп турмакчы.

Теледебаттар маалында айтылган ачык манипуляциялык мүнөзгө ээ сөздөр менен убадалар онлайн режиминде бети ачылып, Factcheck.kg расмий сайтында жана социалдык тармактардагы коомдук баракчаларда жарыяланып турат. Ошондой эле журналисттер талапкерлердин жалпыга чыгып сүйлөгөн сөздөрүнүн аныктыгын жана реалдуулугун фактчекинг куралдарынын жардамы менен текшерүү иштерин жүргүзүшөт.

Бөлүшүү