Медиа Полиси Институту: «саясий кастык» туурасында киргизиле турган өзгөртүүлөр кооптуу жана Конституцияга каршы келет

Медиа Полиси Институту «саясий кастык» түшүнүгүнө киргизилип жаткан мыйзам чыгаруучу өзгөртүүлөр боюнча корутунду даярдады.

Медиа Полиси Институтунун юристтери КРнын бир катар мыйзамдарына жана Жазык кодексине сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдүн адам укуктарынын жана эркиндиктеринин конституциялык кепилдигине жана аларды коргоонун эл аралык стандарттарына ылайык келүүсүнө карата толук укуктук талдоо жүргүзүштү.    

 

ИИМ “саясий” деген сөздү кошууну сунуштап жатат, ал ченем мазмуну боюнча “кастыкты козутууга” тиешелүү болуп, башкача айтканда анын ишмердүүлүгү саясий кастыкты козутууга багытталган уюмду түзүү үчүн кылмыш жоопкерчилиги пайда болот.

- Ошентип, “улуттук, этникалык, расалык же аймактар аралык кастыкка” дагы бир – “саясий” кошулмакчы. Саналып өткөн, улуттук, этностук, расалык, диний сыяктуу корголуучу мүнөздөмөлөрдө чыныгы таандык бар болсо, “саясий кастыктан” кайсы объектти коргоо керектиги чоң суроо жаратат. ИИМ бул киргизилген жаңылыгы менен жарандардын кайсы категориясынын кызыкчылыктарын жана кимден коргоону сунуштап жатат? – деп белгилешет Медиа Полиси Институтунун юристтери.

 

ИИМ сунушталган мыйзам долбоорунда “саясий кастык” түшүнүгүн чечмелебей, ага укуктук аныктама бербей жатканын эске алып, юристтер КРнын ЖКсынын 314-беренесине сунушталып жаткан толуктоо кыйла кооптуу жана Конституцияга каршы келет деп болжошот. Түшүнүктүн кеңири чечмеленүүсү укук колдонуучуларына (соттор сыяктуу эле сотко чейинки өндүрүш органдарына) жогоруда көрсөтүлгөн берене боюнча эки жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратып жарандар тагдырын чечүүдө эркиндик берет.

Корутунду авторлору профессор Виктор Лунеевди цитата кылышат, ал адам өз убагында Россия Федерациясынын Жазык кодексине бул сыяктуу өзгөртүүлөр киргизилгенде мындай деген:

 «Элитардык чөйрөлөр өздөрүн мүмкүндүү экстремизмден коргоонун аракетинде, аны жасоо жүйөлөрүнүн катарына салттуу расалык, улуттук жана диний жек көрүүнү (кастыкты) гана эмес, идеологиялык, саясий жана өзгөчө белгиленген социалдык кастыкты да кошушту. Олигархиянын кызыкчылыктарын, анын идеологиясынын жана саясатынын жазык-укуктук коргоосу боюнча мындай ачык мыйзам чыгаруучу уятсыздыкты батыш европалык өлкөлөрдүн жазык кодексинин биринен да табууга болбос».

Экстремисттик аракеттер менен күрөшүү максатында конституциялык укуктарга жана эркиндиктерге чектөөлөр киргизилип жатканда теңдештикти камсыздоо милдети артыкчылыктуу чыгат: бир тарабынан коомдук кызыкчылыктар (КРнын конституциялык түзүмүнүн негиздерин коргоо), ал эми экинчи тарабынан – адамдын жана жарандын Конституция тарабынан кепилденген укуктары менен эркиндиктери – абийир жана дин тутуу эркиндиги, сөз эркиндигин, маалыматты эркин издөө, алуу, сактоо, пайдалануу жана аны каалаган мыйзамдуу жол менен жайылтуу укугун, тынч, куралсыз чогулуш, митинг жана демонстрацияларды жана жөө жүрүштөрдү өткөрүү эркиндиги корголушу керек деп белгиленет корутундуда.

Сунушталып жаткан өзгөртүүлөр менен укук коргоочуларга саясий оппоненттерди же каршы пикирдеги жарандарды куугунтукка алып, мыйзамды конституциялык укуктар менен эркиндиктерге зыян келтирүү менен колдонуу сыяктуу чексиз жана коркунучтуу ыйгарым укуктар берилип жатат.

Укук коргоочу органдарынын аракеттерин кеңейтип, аларга кааланбаган жарандарды куугунтукка алуу максатында каалаган аракеттерин өз билишинче экстремисстик катары караштарууга жол берген мындай демилгелер Конституцияга каршы келип, демократиялык коомдогу адам укугун мыйзамсыз чектеп, тиешелүү түрдө, бул түрдөгү мыйзам долбоору четке кагылышы керек.  

Корутундуда кийинкилер толук ачылып берилген:

  1. «Саясий кастык» деген эмне?
  2. КРнын Жазык кодексине киргизилип жаткан өзгөртүүлөр КР Конституциясына кандайча каршы келип жатат?
  3. Эмне себептен сунушталып жаткан өзгөртүүлөр адам укуктары жана эркиндиктери жаатындагы эл аралык укуктук документтерге каршы келип жатат?
  4. Маалымкат-негиздеменин талдоосу берилген, мында иш жүзүндө мыйзам долбоорунун негиздемеси жок

 

Корутунду менен талдоонун толук текстин орус тилинде  бул жерден окуп, жүктөп алууга болот.

 

Медиа Полиси Институтунун юристтеринин жыйынтыктары жана сунуштары

Сунушталып жаткан жаңылык киргизүү социалдык-маанилүү маселелер боюнча каалаган катуу саясий талкууну анын болгон кеспеттери менен “саясий кастык” катары кароого жол берет. Андыктан, бул учурда жөндүү кесипкөй укук колдонуу туурасында сөз кылууга болбос.

Укук коргоочу органдар бул кемчиликтен улам, “саясий кастык” менен байланышкан аракеттерге баа берүүдө, иш жүзүндө өз алдынча талкуулап, бул көрүнүш сөзсүз адамдын жана жарандын Конституция тарабынан кепилденген укуктары менен эркиндиктери – абийир жана дин тутуу эркиндиги, сөз эркиндигин, маалыматты эркин издөө, алуу, сактоо, пайдалануу жана аны каалаган мыйзамдуу жол менен жайылтуу укугун, тынч, куралсыз чогулуш, митинг жана демонстрацияларды жана жөө жүрүштөрдү өткөрүү эркиндигин ишке ашырууда жөнсүз жана ченеми келишпеген кийлигишүүлөргө алып келмекчи.

Жогоруда айтылгандардын негизинде, «Медиа Полиси Институту» Коомдук фонду КРнын Жогорку Кеңешин мыйзам долбоорунун концепциясын четке кагып, ченемдик укуктук акт долбоорунун демилгечисине кайтарып берүүсүн суранат.    

Юристтер КРнын Жогорку Кеңешинен мыйзам долбоорун кайтаруу маселесин караштыруу өтүнүчү менен ошондой эле КРнын Өкмөтүнө кайрылышты, себеби өзүнчө ченемдер жалпыга таандык адам укуктары менен эркиндиктерине коркунуч туудурууда.

 

 
Бөлүшүү