«Сөз эркиндиги жана пикир айтуу эркиндиги: мыйзам түрүндөгү демилгелер» тегерек столу

15 ноября 22

 

Кыргызстандагы Интерньюс, «Адилет» укуктук клиникасы Кыргызстандын медиасынын аракеттер Платформасы менен биргеликте колдонуудагы «Жалпы Массалык Каражаттар жөнүндө» мыйзамдын жана анын ордуна кабыл алууга сунушталып жаткан жаңы мыйзам долбоордун айланасында талкууларды уюштурушту.

 

 

Тегерек столдун жүрүшүндө мыйзам долбоору азыркы калыбында кабыл алына турган болсо Кыргызстандагы коомго жана демократияга карата жарала турган коркунучтар тууралуу сөз болду.

«Адилет» укуктук клиникасынын ЖМК жөнүндө мыйзам долбоорун талдоосу: сөз эркиндиги коркунучта

 

Эксперттердин, журналисттердин, юристтердин, Жогорку Кеңеш депутаттарынын жана президенттик аппараттын өкүлдөрүнүн катышуусундагы үч сааттык пикир алышуунун жыйынтыгында «ЖМК жөнүндө» мыйзам долбоорун жакшыртуунун үстүндө иш алып бара турган курамына медиа тармактын 20 өкүлү кирген жумушчу топ түзүлдү. Ошондой эле президенттик администрациянын өкүлу бул мыйзам долбоорун Венециялык Комиссиянын экспертизасына жиберүүгө даяр экенин билдирди.

 

 

Тегерек столдун жүрүшүнүн толук жазуусу:

 

 

Тегерек столго Жогорку Кеңештин депутаттары, КР Президентинин Администрациясынын, Кыргызстандагы эл аралык миссиялардын өкүлдөрү, алдыңкы көз карандысыз медиалардын башка редакторлору, медиаэксперттер жана юристтер катышышты.

 

Жогорку Кеңештин спикери Нурлан Шакиев тегерек столдун ачылышындагы сөзүндө бул иш-чаранын өлкөдөгү сөз эркиндигин өнүктүрүүдөгү маанилүү ролун белгиледи.

Анын айтымында, мыйзам долбоорун депутаттар талкуулашкан, бирок парламентарийлер алгач жакшы мыйзамды кабыл алыш үчүн коомчулуктун жана ЖМКнын пикирин уккусу келет.

 

Шакиев Кыргыз Республикасындагы сөз эркиндигинин деңгээли Борбор Азияда эң жогору деп эсептейт. Ал жалпыга маалымдоо каражаттарын терс жагдайларды азыраак чагылдырууга, ал эми позитивдүү жактарын көбүрөөк берүүгө жана жарыяланган маалымат үчүн жоопкерчиликти унутпоого чакырды.

 

КР Президентинин Басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев колдонуудагы мыйзам 30 жыл мурун кабыл алынганын, ал убактан бери журналисттердин дээрлик бир мууну алмашканын жана ал терминология жана медиа технологиялардын өнүгүүсүнүн өңүтүнөн алганда моралдык жактан эскиргенин белгиледи.

 

Султанбаев президенттик администрация жемиштүү талкууга, эксперттердин жана медиа коомчулуктун бардык сунуштарын эске алууга даяр экенин билдирди.

 

Бириккен улуттар уюмунун Кыргызстандагы такай координатору Антье Граве Кыргызстан кошулган БУУнун адам укуктары боюнча негизги документтерди эске салып, сөз эркиндигисиз жана адамдын кол тийбес демократиялык укуктарына урмат-сый мамилесиз туруктуу өнүгүүгө жетүү мүмкүн эмес экенин белгилей кетти.

Ал сөз эркиндиги жана маалымат алуу мүмкүнчүлүгү болмоюнча БУУ жактаган адам укуктарын жана эркиндиктерин сактоо мүмкүн эмес экенин эске салды.

 

- Ушуга окшош мыйзамдар адам укуктарын бузат, коомдун криминалдашуусуна алып келет жана маалыматтын агымына бөгөт коет. Маалыматтарга, айрыкча онлайн түрүндө, жетүү мүмкүнчүлүгүн чектөө, саясий оппоненттерди, журналисттерди жана укук коргоочуларды куугунтуктоо кырдаалдын курчушуна алып келет. Укуктар мыйзамдын жана өлчөмдөштүктүн негизинде гана чектелиши мүмкүн. Калган учурлардын бардыгы мыйзамсыз болот, - деп белгиледи Антье Граве.

 

АКШнын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултердин пикиринде, эркин ЖМКлар, активдүү жарандар жана блогерлер – эркин коомдун негизи.

Так ушул журналисттер Баткендеги чыр чатак аймактарына барууга мүмкүн болгондо кесипкөй репортаждарды даярдап, кеңири коомчулукка жарыялап маалыматтык согушту утуп алгандарын эскертти.

 

- Кызматтык кылмыштардын бетин ачуу өтө зарыл, күчтүү жана ар түрдүү ЖМКлар гана өкмөтүнүн отчеттуулугун жана демократиянын өнүгүүсүн камсыздай алат. ЖМКнын эркиндигин камсыздоо оңой иш эмес, бирок Кыргызстан жалгыз эмес, АКШ жана эл аралык уюмдар колдорунан келген колдоосун көрсөтүп келишет, - деди Коултер.

 

Евробиримдиктин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн башчысынын орун басары Раймондс Вингрис белгилегендей, Евробиримдик Кыргызстандагы көз карандысыз кесипкөй ЖМКны колдойт, анткени эркин жана көп түрдүү медиасыз демократия гүлдөп өнүгө албайт.

 

Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорго өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорунун анализи менен тааныштырды. Бул мыйзам былтыр эксперттик коомчулуктун пикирине карабай кабыл алынган болчу. Быйыл бир катар депутаттар колдонуудагы бул мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин көтөрүп чыгышкан.

Кожокулова колдонуудагы мыйзамга кандай өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталып жатканын айтып берди. Аталган мыйзамды колдонууда иштебеген бир катар жоболор жана кемчиликтер байкалган.

 

Мисалы, кандай гана сайт болбосун аны ээси эч коргоосуз болуп калууда. Azattyk.org, 24.kg жана kaktus.media сайттарынын редакциялары бул мыйзамдын иштешин баштарынан кечиришти – ойдон чыгарылган себеп менен соттук чечимсыз эле сайттарды бөгөттөп койсо болот.

 

“Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорунан келип чыккан сөз эркиндиги жана оюн эркин билдирүү боюнча укуктарды ишке ашыруудагы негизги тобокелдиктер” тааныштыруу доклады.

 

«Адилет» укуктук клиниканын юристи Жылдыз Азыкова билдиргендей, мыйзам долбоорун талдаганда, андагы беренелердин көп бөлүгү Орусия Федерациясынын ушуга окшош мыйзамынан көчүрүлүп алынганы байкалды.

Бирок да ошол эле кезде сайттарды каттоо процедурасы орусиялык мыйзамга салыштырмалуу кыйла катаалыраак кылынган. Юристтин айтымында, иш жүзүндө, пикир айтууга цензура киргизилүүдө, онлайн басылмаларга талап басмырлоочу мүнөздө, бул мамлекеттик органдарга басылманы жапканга мүмкүнчүлүк берет.

 

Ошол эл кезде мыйзам долбоорунда мамлекеттик органдардын аракеттерине арызданууга мүмкүнчүлүк каралган эмес.

Орусиялык мыйзамды көчүрүп жатканда, мыйзам ЖМКлардын ишмердүүлүгүн гана эмес, Интернеттин бүт маалыматтык талаасын да жөнгө сала алгандай болуп калган, а бул болсо анын укуктук талаасына кирбейт.

 

КР Президентинин укуктук камсыздоо башкармалыгынын начальниги Мурат Укушев пикир алмашуунун башында колдонуудагы мыйзамды аткаминерлер эскирди деп эсептегендиктен коомдук талкууга жаңы мыйзамдын долбоору коюлганын билдирди.

Ошол эле кезде, анын айтымында, президенттин администрациясы конкреттүү сунуштар болсо, аларды эске алып мыйзам долбоорун кайра иштеп чыкканга даяр. Курч маанайда өткөн талкуудан кийин Укушев медиакоомчулуктун өкүлдөрү катышкан жумушчу топту түзүүгө, кийин мыйзам долбоорун Венециялык комиссияга берүүгө даяр экенин билдирди.

 

Пикир алмашууга ошондой эле парламенттин депутаттары Дастан Бекешев, Жанар Акаев, Адахан Мадумаров, Чыңгыз Айдарбеков катышты. Алардын ар бири аткаруу бийлигинин ЖМКларга жана журналисттерге карата аракеттерин сынга алышты жана Конституция кепилдеген сөз эркиндигине жана пикир айтуу эркиндигине укуктар эч качан бузулбас керектигин белгилешти.

 

Сөз эркиндигине байланыштуу абал тууралуу өз көз караштарын “Азаттык” кыргыз кызматынын жетекчиси Венера Жуматаева, Кыргызстан медиаларынын аракеттер Платформасынын өкүлү Семетей Аманбеков, “ПолитКлиниканын” башкы редактору Дилбар Алимова, Медиа Полиси Институтунун юристи Акмат Алагушев билдиришти.

 

Тегерек столдун соңунда Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын (АУБЖК) Борбор Азиядагы башкармалыгынын аймактык өкүлү Ришард Коменда айтылган бардык пикирлерди эске алуу керек экенин айтты.

Ал ошондой эле мыйзамды иштеп чыгууга жана аны экспертизадан өткөрүүгө колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирип, Кыргыз Республикасы кол койгон эл аралык документтердеги эл аралык стандарттарды сактоого чакырды.

   
Бөлүшүү