Бишкек шаардык соту үч күн катары менен Zanoza.kg сайтынын журналисттерине карата доо арыздарды карады. Судьялар сайтка жана анын негиздөөчүлөрүнө карата төрт доо арыз боюнча биринчи инстанциянын чечимдерин күчүндө калтырышты.
Журналисттерден жалпысынан 27 миллион сом өндүрүү көздөлүүдө:
Дина Масловадан – 3 млн;
Нарынбек Идиновдон-9 млн;
“ПроМедиа” коомдук фондунан – 15 млн;
Ошондой эле
ЖКнын экс-депутаты Чолпон Жакуповадан – 3 млн;
“Ата Мекен” партиясынын юристтеринен – 10 млн.
Доо арыздардын бирин камсыз кылуу үчүн жазында соттор “ПроМедиа” коомдук фондунун эсептерин камакка алышкан. Башка доо арызды камсыздоо үчүн Идиновдун 89 жаштагы апасы жана эжеси менен катталган батири камакка алынган. Үчүнчүсүн камсыз кылуу үчүн айыпталуучуларга өлкөдөн чыгууга тыюу салынган.
16-августта курамында судьялар Эрмек Бейсекеев, Аида Манжиева жана Ирина Скрипкина болгон БШСнун коллегиясы 3-июлдагы Октябрь райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысын жана кадыр-баркын коргогон бул доо 2017-жылдын март айында берилген Нарын Айыптын (Нарынбек Идиновдун псевдоними) эки беренесине тиешелүү. Бири Өмүрбек Текебаевдин камалышына арналса, экинчиси- ” Эгемендүүлүктү куткарам делген жалган: паппет – шоусу ” – авторитардык өлкөлөрдүн лидерлери тууралуу маалымат болгон, анда мамлекет башчынын аты такыр аталган эмес.
Экинчи доо арызды 17-августта Бермет Толубаеванын төрагалыгы алдында БШКнын коллегиясы караган. Коллегиянын курамына Аида Манжиева жана Ирина Скрипкина болгон. Иш 2015 – жылдын октябрындагы Нарын Айыптын макаласына тиешелүү, анда бир абзацта Аскар Акаевдин 2014-жылдагы маегинен үзүндү келтирилген. Интервьюда 1990-жылдары жазуучулар союзундагы финансылык көз боемочулуктарга Атамбаевдин катыштыгы бар деп айтылган. 30-июнда Октябрь райондук сотунун судьясы Гүлчехра Оморова Zanoza.kg сайтынан 3 млн макаланын автору Нарын Айыптан 3 млн сом өндүрүү чечимин кабыл алган. Жоопкер тарап Бишкек шаардык сотуна арыз менен кайрылган, бирок сот биринчи инстанциянын чечимин өзгөртүүсүз калтырган.
17-августта Бишкек шаардык кеңештин коллегиясы Zanoza.kg. сайты Нарын Айып менен Дина Маслова макаласы үчүн президентке 3 млн сомдон, ал эми Чоңпон Жакупова тегерек столдо сүйлөгөн сөзү үчүн 3 млн сом төлөп бериши керек деген чечимди күчүндө калтырган. Буга чейин Октябрь райондук сотунун судьясы Кымбат Архарова Жакупованын тегерек столдо сүйлөгөн сөзүндө Атамбаев аты аталбаса дагы президентке залакасын тийгизген деп эсептеген. Доону камсыздоо үчүн Ысык-Көлдөгү Жакуповага таандык коттедж камакка алынган. Ошондой эле укуктук клиникасынын директоруна жана сайттын эки негиздөөчүлөрүнө сот өлкөдөн чыгып кетүүгө тыюу салган.
18-августта БШС башкы прокурор Индира Жолдубаеванын мамлекет башчысынын кызыкчылыктарын коргоо доосу боюнча Октябрь райондук сотунун чыгарган чечимине карата “ПроМедиа” коомдук фондунун (Zanoza.kg сайтынын негиздөөчүсү) тарабынан берилген жеке арызын караган. Бул соттук отурумда экинчи инстанцияда процессти видеого тартууга уруксат берилген.
Экинчи инстанция “Ата Мекен” партиясынын юристтери Канатбек Азиз менен Таалайгүл Токтакунова 2017-жылы кышында Дача СУ айылына жакын жерде кыйраган “Боинг-747” учагындагы жүккө президенттин тиешеси бар делген маалыматты таратышканы үчүн Атамбаевге 10 миллион сом карыз деген райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.
Нарынбек Идинов (Нарын Айып), журналист, “ПроМедиа” коомдук фондунун негиздөөчүсү:
– Журналисттердин миссиясы-көйгөйлөрдү көтөрүү жана аларды оңдоо үчүн бийликке жеткирүү.
Менин макалаларымдын биринде эч качан президенттин аты аталган эмес. Ал эми биринде аэропорттун жака белине кулаган учактын жана анын ичиндеги жүктүн президентке таандык экени тууралуу ЖМКларга жасаган депутат Өмүрбек Текебаевдин расмий билдирүүсүнө шилтеме менен аталат.
16-августтагы сот отурумунда прокурор Руслан Абдрахманов айрым бир абзацта кемсинтүү жок экенин, бирок анын айтымында жалпысынан бул макала мазактоочу жана “жашыруун маанини” камтыйт.
Бирок, жашыруун маани үчүн сотко берүүгө болбойт!
Эксперттер жана юристтердин айтымында: экинчи инстанциядагы соттор мындай эбегейсиз миллиондогон долларлык доолорду толук көлөмдө канааттандырган учуру алардын тажрыйбасында болгон эмес. Адатта, бир миллионго доо болсо, сумманы 50-100 миң сомго чейин төмөндөтчү. Бир сөз менен айтканда, мунун бардыгын соттор аркылуу репрессия деп мүнөздөсө болот.
Идинов шаардык соттун чечими күчүнө кирээрин, бирок айыпталуучулар Жогорку сотко даттанууга укуктуу экенин белгилейт. Анын айтымында, сот аткаруучулар каалаган убакта келип, миллиондогон сумманы төлөп берүүнү талап кылышы мүмкүн.