Кыргызстандагы Интерньюстун “Билим Айтыш” долбоору жана Кыргыз улуттук “Манас” театры “Тайтору” музыкалык, драмалык жана поэтикалык спектаклин тартуулайт.
30чу-ноябрь жана 1чи-декабрда Бишкек шаарындагы Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук драма жана сатира театрында «Тайтору» спектакли өтөт.
Бул спектакли 4-декабрда белгиленүүчү “Манас” эпосунун күнүнө карата жана 25-ноябрьдан 10-декабрга чейин өтүүчү “Гендердик зомбулукка каршы 16 күн” деген эл аралык жылдык кампаниянын алкагында өткөрүлүүдө.
«Тайтору» – бир жылдан бери жаш манасчыларга уюштурулуп келе жаткан окутуулардын жана чыгармачыл лабораториялардын жыйынтыгы катары сунушталган перформанс.
«Каныкейдин Тайторуну чабышы» – «Семетей» эпосундагы үзүндү биринчи жолу сахналаштырылды.
Спектаклди коюга Кыргызстандагы мыкты өнөр усталары тартылды.
Сценарийди иштеп чыккандар – Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, «Билим Айтыш» долбоорунун устаты, манасчы Самат Көчөрбаев жана Маданияттын мыкты кызматкери, манасчы Кулмат Сыдыков.
Сахнанын декорациясын жасаган:
Кыргыз драма театрынын сүрөтчүсү Руслан Жунусалиев.
Музыкалык коштоосун жазган композиторлор:
Ишенбек уулу Эмилбек, Кыргыз улуттук филармониясында «Эл ырчысы Эстебес» тобунун музыканты, бир нече эл аралык сынактардын лауреаты, «Ала-Тоонун уулумун», «Кабылан», «Чексиздик», «Камбаркан» аттуу ыр күүлөрүнүн автору.
Камбар Календаров, композитор, мультиинструменталчы, «Үркөр» тобунун жетекчиси, «Кыргыз кайрык» фольклордук ансамблдин көркөм жетекчиси, эл аралык фестивалдардын лауреаты.
Костюмдарын дизайнын иштеп чыккан:
Ормон Брендинг, Cerebro Branding, CinemArt production, Kronos studio негиздөөчүлөрүнүн бири, дизайнер Жаныш Ботой.
Костюмдарды тиккен:
Гүлсана Атомкулова, салтуу билимди алып жүрүүчү, дизайнер, тигүү өндүрүштө технолог.
Айдай Асангулова, «Кийиз дүйнө» фондунун негиздөөчүсү, Кыргызстандагы байыркы улуттук прикладдык кол өнөрчүлүктү үйрөткөндөрдүн бири.
Ролдордо:
Каныкей (Манастын аялы, Семетейдин энеси) – Айнур Акылбекова, Б. Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын (ЖКТ) актрисасы.
Темиркан (Каныкейдин атасы) – Азат Байбеков, «Манас» театрынын жана Куурчак театрынын актеру.
Ысмайыл (Каныкейдин бир тууганы), кожо – Талгар Анарбеков, «Манас» театрынын актеру.
Манасчылар – Самат Көчөрбаев, Кулмат Сыдыков, Аккыз Абасбекова.
Семетейлер – “Билим Айтыш» долбоорунун катышуучулары, 12-14 жаштагы жаш манасчылар Уларбек Мирланов, Арсен Ыдырысов, Касымбек Бердикулов, Ариет Тынчтыкбеков, Саид Жолочиев, Узарбек Анарбаев.
Акындар – Акматбек Султанов жана Кутман Садыбакасов.
Спектаклди койгон режиссер Шамиль Дыйканбаев – «Мүрөктүн суусу» театралдык студиясынын негиздөөчүсү, Чүй областтык драма театрынын режиссеру. Бир нече эл аралык фестивалдарда баш байгени багындырган, Манас боюнча «Улуу баян» спектаклин койгон таланттуу режиссер.
«Билим Айтыш» долбоорун ишке ашырууга Түгөлбай Казаков, Назаркул Сейдрахманов, Мелис Мураталиев, Аймен Касенов, Максат Жумабеков, Самат Көчөрбаев сыяктуу кыргыздын кыйын инсандары катышууда. Бул долбоор Кыргызстандагы Интерньюстун кызматкери Максуда Айтиеванын демилгеси жана аракети менен ишке ашырылууда.
“Тайтору” спектаклин өлкөбүздүн кеңири калкына жеткиликтүү болсо деген тилегибиз бар, ошондуктан бардык кызыкдар тараптарды койюуларды аймактарда уюштурууга көмөктөшүүгө чакырабыз.
Спектакль жөнүндө толук маалымат бул шилтемеден таба аласыздар:
Тема боюнча: