Коллаж автору: Дилде Шатанова.
Өлкөдө 76 жогорку окуу жайдын ичинен онунда журналистика бөлүмдөрү бар. Жылына жүздөгөн студенттер журналистика факультетине тапшырганы менен бүтүрүүчүлөрдүн басымдуу бөлүгү кесиби менен иштеп кетпейт.
Журналисттерди даярдоо ыкмалары эмгек рыногунун талаптарына тиешелүү түрдө жооп бербей келет.
“Жалаң теорияны окудум”
Университетте журналистика бөлүмүндө төрт жыл окуп, бирок өз кесиби менен иштебей, башка тармакка өтүп кеткендерден арбын. Жогорку окуу жайын аяктаган соң чет өлкөгө кеткендер дагы жок эмес.
Жанайым Жангазиева Кыргыз-Түрк “Манас” университетине жана Кыргыз Улуттук университетине тапшырып, эки окуу жайга тең өткөн. Жыйынтыгында Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетинде билим алууну чечкен.
Жанайым Жангазиева. Сүрөт: респонденттин жеке архивинен.
“Менде окуу жайды тандоо учурунда маалымат аз болгон. Көп тааныштарым Улуттук университетти сунуштаган. Бул жакка тапшырганда менин кыялдарым, максаттарым чоң болчу. Бирок мен күткөн билимди ала алган жокмун. Университеттен болгону журналистиканын тарыхын окудум, жалаң гана теория өттүк. Анан окуп жүргөндө эле өзүмдүн кесибим боюнча иштейин десем, мугалимдер “кийин деле иштейсиңер, азыр силер окушуңар керек” дейт. А окууну бүткөндөн кийин иштейин деп редакцияларга барсаң “тажрыйбаң барбы, эмнени билесиң?” деп сурашат”, – дейт Жанайым.
Журналистика факультетинде билим алган бүтүрүүчүлөр арасында дал ушундай көйгөйгө туш болгондор көп.
Жанайым окууну аяктаган соң, маалымат кызматында бир жылдай иштеген. Бирок айлыктын аздыгы, жумуштун көптүгү аны миграцияга түрткөн. Учурда ал башка кесип боюнча билим алуу үчүн чет өлкөдө иштеп, каражат топтоп атканын жашырган жок.
“Окуу жайы өзүмө болгон ишенимди арттырды”
Ал эми Назима Жумаева Ишеналы Арабаев атындыгы Кыргыз мамлекеттик университетинде билим алган. Ал 3-курстан баштап “Де-факто”, “Жети плюс”, “Учур” жана “Азия ньюс” гезиттеринде иштеген.
Назима Жумаева. Сүрөт: респонденттин жеке архивинен.
Назиманын айтымында, көпчүлүк университеттерде окутуу системасы эски болгону менен журналисттик кесипти өздөштүрүп кетүү мүмкүн:
“Мен 2015-жылы университетти аяктадым. Ал убакта жогорку билим маанилүү болчу. Ал эми азыр түрдүү курстарды өтүп эле кыйын адис болуп кеткендер бар. Биз 5 жылда алган билим азыр 3 айлык курстарда камтылган. Ар бир адамдын дээринен. Балким окутуу системасы эски болгон үчүн айрымдарга пайдасы тийбегендир. Ал эми мен үчүн университет билим деңгээлден сырткары өзүмө болгон ишенимди арттырды. Бир канча жыл журналист болуп иштеп, кийин турмушка чыккан соң, кесибимди алмаштырдым”, – дейт ал.
Жасалма акыл доорундагы советтик методика
Журналистика факультетин бүтүрүп, бирок SMM, таргетолог, коомчулук менен байланыш бөлүмдөрүнө иштеп кеткендер арбын. Мунун себебин “Онлайн университет” платформасынын негиздөөчүсү жана медиа серепчи Элира Турдубаева көпчүлүк университеттерде тиешелүү инфраструктура болбогону менен түшүндүрдү:
“Журналистика факультеттеринде тажрыйба алууга басым жасалбайт. Мисалы, телестудия, радиостудия шарттары, подкаст жасоо, техниканы туура колдонуу көбүн эсе теориялык жактан өтүлөт. Редакция жетекчилери дагы ушул маселени айтып келишет. Жогорку окуу жайларда практик мугалимдер жетишсиз. Жалаң гана теория өткөндөр бар. Жергиликтүү окуу жайларында чет тилдерине дагы басым жасалбай, көбүн эсе кыргыз, орус тилдеринде окутулат. Ал эми “Манас” университетинде түрк тилинде, Борбор Азиядагы Америка университетинде, Борбор Азия университетинде жана Ала-Тоо университетинде англис тилинде билим берилет. Журналисттерге чет тилдерин үйрөтүү керек. Себеби, жаңы технологиянын, илим-билимдин тили англис тили болуп атат”, – дейт Турдубаева.
Элира Турдубаева. Сүрөт: Facebook
Ал окуу программаларына журналистиканын учурдагы талаптарына жооп берген практикалык тапшырмаларды жана актуалдуу темаларды киргизүү керектигин кошумчалады.
Турдубаеванын айтымында советтик методика менен сабак өткөн мугалимдердин жаңыланбаганы дагы бир көйгөйдү жаратат:
“Азыр жасалма акыл доорунда жашап атабыз. Ал эмес маалыматтык доордогу, маалымат технологияларын өздөштүргөнгө окутуучулар жетишишкен жок. Алардын квалификациясын жогорулатуу менен чектелбестен, окуу жайларга күчтүү мугалимдерди тартыш керек”, – дейт ал.
Турдубаева ЖОЖдор менен ЖМК ортосунда тыгыз кызматташтыкты түзүп, биргеликте долбоорлорду ишке ашыруу жана тажрыйба алмашуу керектигин кошумчалады.
“Катасыз жазганды билсе болду”
“ПолитКлиника” медиасынын редактору Ырысбүбү Кылычбек кызынын айтымында редакцияга тажрыйба алуу үчүн келген студенттер журналистиканын жаңы талаптарына жооп бербейт.
Ырысбүбү Кылычбек кызы. Сүрөт: Facebook
“Биз практиканттар менен көп эле иштешебиз. Бирок университеттер менен атайын келишим түзбөйбүз. Бардык эле окуу жайлардын студенттерине ачыкпыз. Практикага келгенде, керек болсо, даяр пресс-релизден жаңылык жаза албаган студенттер болот. Ошондуктан алар катасыз жазганды билсе эле, калганын өзүбүз үйрөтөбүз деп ала беребиз. Менимче бул окуу жайларда практик мугалимдердин жоктугунан жана окуу программасынын көп жылдардан бери алмашпаганынан келип чыгат”, – дейт ал.
10 жыл мурда айтылган
Окутуучулар журналистикадагы акыркы тенденциялардан кабардар болуп туруу үчүн өз чеберчилигин тынымсыз өркүндөтүү дагы маанилүү.
Окуу жайлары журналистика кесиби боюнча жылына жүздөгөн адисти таптаганы менен алардын кесипкөйлүгү, учур талабына жооп бере алышы, редакцияларда толук кандуу иштеп кетиши көптөгөн суроолорду жаратат.
Марат Токоев. Сүрөт: journalist.kg
Медиа серепчи Марат Токоевдин айтымында, окуу жайларынын кадр таптоодогу мүчүлүштүгү 10 жыл мурун эле сурамжылоо учурунда ачыкталган:
“10 жыл мурун биз гезитке дал ушул тема боюнча макала даярдаганбыз. Журналистка бөлүмүндө студенттердин арасынан сурамжылоо жүргүзгөндө эле ушул көйгөй байкалган. Маселенин тамыры Билим берүү министрлиги түзгөн окутуу программасында болуп жатат. Анткени ЖОЖдун мугалимдери программадан чыга алышпайт”, – дейт ал.
Токоев мугалимдердин алган маянасы дагы бир көйгөй экенин кошумчалады:
“ЖОЖдо айлык жогору болсо, кесипкөй адистер көбүрөөк тартылат беле деген ой келет. Аз айлыкка мыкты адистерди чогултуу мүмкүн эмес болуп калат. Чынында журналистика бөлүмүн эң күчтүү, эң жакшы окуткан окуу жайларда гана калтыруу керек”, – дейт ал.
Болочок журналисттерди таптоодо окутуучулар өзгөрүп жаткан шарттарга натыйжалуу ыңгайланышуусу маанилүү. Алар заманбап медиа чөйрөдө ийгиликтүү иштей ала турган адистерди даярдоо үчүн өлкөдөгү алдыңкы медиалар менен тыгыз кызматташуусу, окутуунун инновациялык ыкмаларын колдонушу керектиги талашсыз.
Дилде Шатанова.
Бул макала USAID тарабынан каржыланган жана Freedom House менен өнөктөштүктө ишке ашырылган Кыргызстандагы Интерньюстун “Медиа-К” долбоорунун колдоосунда даярдалды. Макаланын мазмуну автордун же авторлор тобунун өз алдынча чыгармачылыгы болуп, USAIDдин, АКШ өкмөтүнүн, Интерньюстун же Фридом Хаус уюмунун көз караштарын сөзсүз чагылдырууга тийиштүү эмес.