Жер шары жөнүндө Интерньюс тармагынын (EJN) жана Дикин Университетинин “Жер бетинде болуп жаткан окуяларды чагылдыруу: дүйнөдөгү климаттык жана экологиялык журналистканын абалына баа берүү” деген жаңы отчетунда жер бетиндеги климатка жана айлана-чөйрөгө байланыштуу көйгөйлөрдү чагылдырган журналисттер башынан кечирип жаткан актуалдуу маселелер тууралуу сөз болуп, алардын 39% иш алып баруусунда ар түрдүү коркутууларга дуушар болоору, үчтөн эки бөлүгү “тең салмактуулуктуу” сактоо үчүн климаттык скептиктер менен иш алып барууга өзүлөрүн милдеттүү экенин сезе турганы айтылат.
“Жер бетинде болуп жаткан окуяларды чагылдыруу: дүйнөдөгү климаттык жана экологиялык журналистканын абалына баа берүү” отчету 102 өлкөдө, анын ичинде Кыргызстанда да иш алып барган 744 журналисттин арасында жүргүзүлгөн сурамжылоонун негизинде түзүлгөн. Ошондой эле 31 өлкөдөгү 74 журналисттен кенен интервью алынган.
Изилдөө учурунда журналисттерге климат жана айлана-чөйрө тууралуу репортаждарды кантип даярдайсыңар, эл аралык келишимдер боюнча милдеттенмелерди аткаруу мөөнөтү бат жакындап жаткандыктан материалдын сапатын жакшыртуу үчүн эмне керек деген суроолор берилген.
Бул климаттын жана айлана-чөйрөнүн өзгөрүшүн чагылдырган журналистиканын абалын аныктаганга аракет кылган алгачкы жана, балким, эң ири изилдөө болуп эсептелет. Анда дүйнө бетинин ар кайсы жерлеринде иштеген журналисттердин пикирлери камтылган. The Guardian басылмасынын отчет тууралуу материалы менен бул жерден таанышса болот.
Отчетту даярдагандар: Габи Мокатта, Шанека Сэвилл, Николас Пейн, Жерри Лай, Лова Янссон, Кристи Хесс – Дикин Университети, Мельбурн, Австралия.
Бул изилдөөнүн негизги жыйынтыктары
Журналисттердин пикиринде, климаттын жана айлана-чөйрөнүн өзгөрүшүн чагылдыруунун актуалдуулугу уламдан улам өсүп баратат, бул негизинен экологияга байланыштуу маселелердин көбөйүшүнө байланыштуу, жана кандайдыр бир деңгээлде коомдун кызыгуусунун өсүшү да таасир этүүдө.
– Журналисттердин басымдуу бөлүгү (алардын 82%) он жыл мурдагыга салыштырмалуу климатка жана айлана-чөйрөгө тийиштүү тема көбүрөөк кызыгууну жаратууда деп белгилешет.
Бирок интервью учурунда журналисттер климаттын өзгөрүүсүн чагылдыруу дагы эле тийиштүү деңгээлде эмес экендигин белгилешти.
– Журналисттер климаттык жана экологиялык маселелерди чагылдырууда ден соолукту сактоо принциптерин жетекчиликке алат болушубуз керек деген пикирлерин айтышты (70%).
Журналисттер чагылдырып келген айлана-чөйрөгө байланыштуу негизги темалар төмөнкүлөр болду:
токойлорду кыюу (58%);
суу жана санитария маселеси (58%);
суунун булганышы (57%);
өкмөттүн саясаты (56%);
пластик менен айлана-чөйрөнүн булганышы (53%).
Журналисттердин басымдуу көпчүлүгү (76%) белгилегендей, каражаттын жетишсиздиги климат жана айлана-чөйрө маселелерин тийиштүү деңгээлде чагылдырууга тоскоолдук жаратып келет.
Климаттын антропогендик (адам себепкер болгон) өзгөрүшү концепциясы же климаттык илим түшүнүгү.
Журналисттердин көбү объективдүүлүк нормасын катуу карманышат жана бул норма журналистика кесибининин негизин түзөт деген пикирде. Айрым гана журналисттер иш алып баруусунда климатка жана айлана-чөйрөгө байланыштуу айрым көз караштарды же саясатты кармана тургандарын билдиришти.
– Кээ бир өлкөлөрдө журналисттерге карата коркутуулар-үркүтүүлөр болуп, өзүлөрү өзүлөрүн чектегенге аргасыз болушат. Журналисттердин 39% ушундай коркутуп-үркүтүүлөргө дуушар болушкан, ушундай эле сандагы журналисттер да климатка жана айлана-чөйрөгө байланыштуу маселелерди чагылдырууда өзүлөрүн чектеп келишет.
– Журналисттерди коркутуп-үркүткөндөр негизинен айлана-чөйрөгө байланыштуу мыйзамсыз иштерге баргандар.
Климаттын жана айдана-чөйрөнүн маселелерин чагылдырууга дезмаалыматтар да залакасын тийгизип келет.
Сурамжылоого катышкан журналисттердин 58% билдиргендей, акыркы он жылдыкта дезмаалыматтын көлөмү көбөйдү. Анын негизги булагы адатынча коомдук тармактар (журналисттердин 93%ынын пикиринде).
– Журналисттердин айтымында, климаттын жана айлана чөйрөнүн маселелерин чагылдырууну жакшыртуу үчүн төмөнкү беш багытка өзгөчө көңүл буруу зарыл: маселени тереңден изилдеген журналистиканы каржылоону жакшыртуу (79%); оффлайн тренингдер жана семинарлар (75%); конференцияларга катышуу үчүн стипендиялар (72%); тийиштүү булактардын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү (67%) жана эксперттердин жеткиликтүүлүн жакшыртуу (60%).
Сурамжылоо жана интервью учурунда журналисттер климат жана айлана-чөйрө маселелерин чагылдырууда ЖМКларга колдоо көрсөткөн бейөкмөт уюмдардын колдоосу өтө маанилүү экенин белгилешти. Көп журналисттердин айтымында, мындай колдоо болбогон учурда алар климат жана айлана-чөйрө маселелерин чагылдыра алышмак эмес.
– Бирок ошол эле учурда журналисттердин климат/экология маселелерин чагылдыруу үчүн бейөкмөт уюмдардан каржылык колдоо алууга кызыкдарлыгы менен материалдарын жаратууда эркин жана көз карандысыз болууга умтулуусунун ортосундагы карама-каршылыктар байкалат.
– Журналисттер бейөкмөттүн каржылоосу кайсы бир белгилүү темага байланбашын каалашат: алар аудиторияны кызыктырган климат жана айлана-чөйрө маселелерин чагылдыргысы келет.
– Журналисттер алардын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгында байкалаарлык өзгөрүүлөр болгонун белгилешет. Бул негизинен алардын аудиториясына байланыштуу болгон (тактап айтканда, коомчулук маселелерди жакшыраак түшүнө башташкан). Журналисттердин 29%ынын айтымында, алардын материалдары өкмөттүн саясатынын өзгөрүүсүнө алып келген.
Журналисттер климат менен экология маселелерине жана аларды чечүү жолдоруна өзгөчө көңүл буруп келишет.
Журналисттердин 72% маселелердин өзүн жана аларды чечүү жолдорун бирдей чагылдырганга аракет кылышарын билдиришкен.
Сунуштар кыскача
Каржылаган уюмдар үчүн:
– Демөөрчүлөр климаттын жана айлана-чөйрөнүн өзгөрүшүнө байланыштуу маселелерди чагылдырган журналисттерге көбүрөөк колдоо көрсөтүшү керек.
– Демөөрчүлөр максаттуу иш алып барыш үчүн жана узак мөөнөттү каржылоону камсыздаш үчүн журналисттер жана жаңылык редакциялары менен кызматташы керек.
– Демөөрчүлөр ар башка өлкөлөрдө журналисттердин окутууга муктаждыгы ар башка экенин эске алышы керек.
– Демөөрчүлөр журналисттерге алардын пикиринде жергиликтүү калк үчүн эң актуалдуу деген окуяларды чагылдырууга мүмкүнчүлүк бериши керек.
– Демөөрчүлөргө “объективдүүлүк” жана “пропаганда” эмне экенин кылдат чечмелеген көз карашын иштеп чыгуулары керек болушу мүмкүн.
– Демөөрчүлөр журналисттерден алардын материалдарынын таасирдүүлүгүн талап кылганда реалдуулукту жетекке алышы керек.
– Демөөрчүлөр экологиялык жаңылыктарды чагылдырууда донорлордун таасиринен жана мындай таасирди кабыл алуудан качышы керек.
Жаңылык редакциялары үчүн:
- Редакциялар айрым журналисттердин климаттын жана айлана-чөйрөнүн өзгөрүүсүн чагылдырууга адистешүүсүнө колдоо көрсөтүүсү керек.
- ЖМКлар климат жана айлана-чөйрө тууралуу материалдарды көбүрөөк даярдап, жарыялап, аларга аудиториянын көңүлүн бурдуруп турушу керек.
- Редакциялар журналисттердин кызматташуусуна жана маалымат бөлүшүүсүнө колдоо көрсөтүүсү керек: бардык материалдар – бул климат тууралуу окуялар.
- Жаңылык редакциялары климат жана айлана-чөйрө жаңылыктарына адистешкен уюмдар менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн караштырышы керек.
- Жаңылык бөлүмдөрү журналисттердин дезмаалымат, алардын жаралышы, аларга бөгөт коюу жолдору тууралуу маалымдуу болушуна жардам бериши керек.
- ЖМКлар журналисттердин физикалык, юридикалык жана санариптик коопсуздугун камсыздоого көңүл бурушу керек.
Журналисттер үчүн:
- Журналисттер жергиликтүү деңгээлде глобалдык экологиялык маселелерге көңүл бурулушуна умтулушу керек.
- Климаттык жана экологиялык журналистика маселелердин өзүн жана аларды чечүү жолдорун бирдей чагылдырышы керек.
- Климаттын өзгөрүшү тууралуу репортаждарда климаттык калыстык аспектилерине өзгөчө көңүл буруу зарыл.
- Журналисттер өзүнүн жана да алар иштеген ЖМКнын “калыстык” жана “пропаганда” боюнча көз караштарын эсепке алышы керек.
- Журналисттер климат жөнүндө илимге ишенбеген булактарга аянтча бербеши керек.
- Журналисттер атрибуция теориясы жөнүндө билимин тереңдетиши керек.
- Климат жана айлана-чөйрө жөнүндө тема дайыма көтөрүлүп турушу үчүн журналисттер башкалар менен биргеликте кызматташып иштеши керек.
- Журналисттер адамзаттын жаратылышка көз карандылыгын так, даана сезе билиши керек.
Каржылаган уюмдар үчүн сунуштар
- Каржылаган уюмдар климаттын жана айлана-чөйрөнүн өзгөрүшүнө байланыштуу маселелерди чагылдырган журналисттерге көбүрөөк колдоо көрсөтүшү зарыл:
ЖМКларга колдоо көрсөткөн уюмдар климаттын жана айлана-чөйрөнүн өзгөрүшүнө тийиштүү маселелердин курчтугун эске алып, бул багытта иш алып барган журналисттерге биринчи иретте көңүл бурса жакшы болот эле.
Климаттын жана айлана-чөйрөнүн өзгөрүшүнө байланыштуу маселелердин кеңири чагылдырылышы аудиторияга маселенин курчтугун жеткирүү үчүн маанилүү болуп эсептелет. Так маалыматтар аз жерде дезмаалыматтар көп болот.
- Демөөрчүлөр максаттуу иш алып барыш үчүн жана узак мөөнөттү каржылоону камсыздаш үчүн журналисттер жана жаңылык редакциялары менен кызматташы керек:
Бейөкмөт уюмдар узак мөөнөттү келечекте мүмкүнчүлүктөрүн жана туруктуу өнүгүү багытындагы ишин жакшыртуу үчүн жаңылык редакцияларына жана айрым журналисттерге колдоо көрсөтүп турушу зарыл. Көп жылга эсептелген каржылоо демилгелери учурда көп колдонулуп келген кыска мөөнөттүү колдоолорго караганда мүмкүнчүлүктөрдү жакшыраак арттыра алат.
- Каржылаган уюмдар ар башка өлкөдөгү журналисттердин окутууга муктаждыктары ар башка боло турганын эске алышы керек:
Окутууга муктаждык белгилүү бир тема боюнча маалыматтан (өзгөчө, маалыматтарга кантип жетсе болот, жалган маалыматты/дезмаалыматты кантип аныктап, бири биринен айырмаласа болот, климаттык адилеттиктин келечеги сыяктуу атрибуцияларга жараша) кесиптик нормаларга окутууга (иш алып барууда тең салмактуулукту сактоо) жана байланыштарды түзүү жана кызматташуу боюнча семинарларга чейин өзгөрүп турат. Окутуулар жашоо деңгээли жакшы болгон өлкөлөрдө да, жашоо денгээли төмөн/орто болгон өлкөлөрдө да зарыл.
- Демөөрчүлөр журналисттерге алардын пикиринде жергиликтүү калк үчүн эң актуалдуу деген окуяларды чагылдырууга мүмкүнчүлүк бериши керек:
Бейөкмөт уюмдар журналисттерди демөөрчүнүн кызыгуусуна жана максатына туура келген кайсы бир темадагы сюжеттерди чагылдырыш үчүн тартышы мүмкүн, бирок эч бир шартсыз каржылоо жергиликтүү актуалдуу темаларды чагылдырууга мүмкүнчүлүк түзөт.
- Демөөрчүлөр “объективдүүлүк” жана “коргоо” эмне экенин кылдат чечмелеген көз карашын иштеп чыгуулары керек болушу мүмкүн:
Журналисттердин көбү өз коомчулугунун кызыкчылыгын коргоо, саясий аракеттер менен журналисттик объективдүүлүктүн ортосундагы чекти жакшы билишет. Климаттык жана экологиялык журналистиканы каржылап жатканда коргоо менен алектенбөө керек деген талап коюлбашы зарыл.
- Демөөрчүлөр журналисттерден алардын материалдарынын таасирдүүлүгүн талап кылганда реалдуулукту жетекке алышы керек:
Сюжеттердин бардыгы эле байкалаарлык өзгөрүүлөргө алып келе бербейт, бул талап каржылоонун шарттарына киргизиле турган болсо журналисттер өзгөрүүлөрдү көрсөтө алыш үчүн “анчалык деле татаал эмес” темаларды тандай башташы мүмкүн.
- Демөөрчүлөр экологиялык жаңылыктарды чагылдырууда донорлордун таасиринен жана мындай таасирди кабыл алуудан качышы керек:
Редакциялар жана журналисттер кызыкчылыктардын конфликтине жеткирбеш үчүн демөөрчүлөрү тууралуу маалыматты билиши керек жана бул маалыматты башкалардан жашырбашы керек.
Окуяларды натыйжалуу чагылдыра алышы үчүн журналисттерге кандай жардам керек?
Изилдөөдө белгиленгендей, климаттын жана айлана-чөйрөнүн өзгөрүшүн чагылдырууга жакшы өбөлгө боло турган эң башкы фактор – бул каржылык колдоонун көлөмүн көбөйтүү. “Айлана-чөйрөнүн маселелерин жана климаттын өзгөрүшүн чагылдырууну жакшыртыш үчүн сизге жана сиздин өлкөдөгү журналисттерге эмне жардам керек” деген суроого респонденттердин 80% каржылоону көбөйтүү керек дешкен.
Андан кийинки орунда оффлайн тренингдерге жана семинарларга муктаждык турат (75%). Аны менен катар респонденттер ЖМКлардын эркиндиги (36%), аудиториянын/коомчулуктун кызыгуусу (34%) жана иштин коопсуздугун жогорулатуу сыяктуу маанилүү факторлорду да белгилешкен. Респоденттердин үчтөн бир бөлүгү кесиптик ишин аткарууда өзүлөрүн коопсуз сезбегени менен каржылоого жана окутууга муктаждык, алардын пикиринде, коопсуздук жана ЖМКлардын эркиндиги маселелеринен маанилүүрөөк болуп эсептелет.
Интервью бергендердин көбү да каржылоону жана мүмкүнчүлүктөрдү өстүрүү зарыл экенин белгилешти. Бул кесипте калыш үчүн күнүмдүк жашоого жеткендей каражаттарга ээ болуу жана сапаттуу материалды даярдаш үчүн айрым чыгымдарды жабууга мүмкүнчүлүктүн болушу зарыл. Ошондуктан иш менен камсыз болуу кепилдиги менен ЖМКлардын жашоо жөндөмдүүлүгүнүн ортосундагы байланыш өтө маанилүү экенин белгилей кетиш керек.
Толук изилдөөнү англис тилинде бул шилтемеден таба аласыздар.