Кыргыз медиасында көп кеткен каталар. Коллаж.
Соңку кезде социалдык медиада жана маалымат сайттарында орфографиялык катадан тарта фактологиялык өксүктөргө чейин көп кездешүүдө. Бул алешемдик эмнеден кабар берет жана ал кандай кесепеттерге алып келиши мүмкүн? Маселени эксперттер менен чогуу талдап көрөлү.
Одри Хепберн жазуучуга айланганда
Үстүбүздөгү жылдын июнь айында өкмөттүк “Кыргыз Туусу” басылмасында Гаарба Орозматов аттуу жазуучунун маеги жарыяланды.
Анда журналист жазуучудан учурдагы адабияттын бир катар көйгөйлөрү тууралуу сураган экен. Жооптордун көбү таасирдүү, ынанымдуу болуптур. Маек ортолоп калганда жазуучу классикага айланган бир катар чыгармалардын авторлору менен катар Одри Хепбернди атап, анын “Тиффани менен таңкы тамак”, “Рим каникулу” деген “чыгармасын” окуганын айтыптыр.
Жазуучу Гаарба Орозматовдун “Кыргыз Туусуна” чыккан маеги.
Эске сала кетсек, Одри Хепберн – XX кылымдагы дүйнөгө таанымал актриса. 1961-жылы “Тиффани менен таңкы тамак” аттуу тасмада баш каарманды ойногон. Тасма америкалык жазуучу, драматург Трумен Капотенин 1958-жылы жарык көргөн повестинин негизинде тартылган. Ал эми 1953-жылы экранга чыккан “Рим каникулу” тасмасынын сценарийи Далтон Трамбого таандык экен. Одри Хепберн бул тасмада да башкы ролду аткарган.
Албетте, ката байкоостон да кетиши мүмкүн. Жазуучу жогорудагы мисалды жаңылып айтып алышы ыктымал. Бирок редакторлор интернеттен маалыматты оңой эле текшерип койсо болот эмеспи. Кокус дүйнөлүк адабият менен анча тааныш эмес адам окуса, Хепберн атактуу жазуучу болгон тура деп ойлоп калат го.
Эркин журналист Миржан Балыбаев жалпыга маалымдоо каражаттарындагы каталардын көбөйүшүн мектептеги билим берүүнүн начарлаганына байланыштырды:
Миржан Балыбаев, журналист.
“Телеканалда иштеп турганда монтаж жасалган жерден өтүп баратып оркойгон катаны байкаганым эсимде. Монтажды жаш журналист жасап жаткан. Экинчи дүйнөлүк согуш тууралуу сюжет болчу. Советтик жоокерлер тууралуу кадрга гитлердик армиянын аскерлеринин сүрөтү чапталып жатыптыр. Дароо оңдотком. Көрсө, ал тарыхый маалыматтарды жакшы билбейт экен. Кыргыз журналистикасы азыр эрудициясы күчтүү, дүйнө таанымы кенен, техника менен иштей алган адистерге муктаж”.
Миржан Балыбаев ЖМКдагы тилдик эрежени бузган каталардын көбөйгөнүн редакциялардагы корректорлордун азайганынан да көрөт.
Бир катар белдүү басылмаларда редакторлук милдетти аркалаган акын жана журналист Жыргалбек Касаболотов медиа чөйрөдө жүргөн улан-кыздарды дайыма окутуу зарыл деген пикирде:
Жыргалбек Касаболотов, редактор, акын.
“Илгери “Жазганыбыз жакшы окулсун десек” аттуу колдонмо жазганбыз. Ошол сыяктуу эмгектер көп тараса жакшы болмок. Менимче, журналистика факультеттерине кабыл алууда улан-кыздардын билимине караш керек. Абитуриенттерди тандоо механизмдерин жакшыртуу зарыл. Эрудиция адамдын жашы, тажрыйба менен келет. Бирок туура жазганды билүү кайда болбосун маанилүү. Редакциялар ушуга көңүл бөлүп, кадрларды окутуп турса болмок”.
ЖМКда тилдин кайсы эрежелери бузулууда?
“ЫсСык”, “психолоК”, “жооБ”, “даАры”, “сентябрЬда”, “2024 жыл” ж.б. Социалдык медианын кыргыз сегментиндеги бул каталар соңку кезде айрым маалымат сайттарынан да кездешүүдө.
Тилчи, акын жана блогер Улукбек Омокеев – Фейсбуктагы “Кыргызча туура жазабыз” тайпасынын негиздөөчүсү.
Ал 18 миңдей колдонуучу катталган бул баракчада ЖМКда кеткен ар кандай каталарды мисал келтирип, туура жазылышын көрсөтүп турат.
Улукбек Омокеев, тилчи жана акын.
“Бизде ЖМКда стилистикалык каталар көп кетет. Мисалы, “Бишкек шаарынын футбол боюнча 13-чемпионаты” дегенди “13-Бишкек шаарынын футбол чемпионаты” деп жазып коюшат. Натыйжада шаар он үчүнчү болуп калып жатпайбы. Жаргон, көчө сөздөрүн кошуп жазган адат пайда болду. Орфографиялык каталар да өтө көп. Айталы, кээде жер-суу аталышын кичине тамга менен жазышат. Жылды же күндү көрсөткөндө “2024 жыл, 24 май” деп койгондор бар. Туурасы “2024-жыл, 24-май” болот да. Иреттик сан менен ага чейинки зат атоочтун ортосундагы дефис кыргыз тилинде “ынчы” деген мүчөнүн милдетин аткарат эмеспи. Пунктуациялык каталар да арбын. “Асан айтты жакшы жаңылык” дегендей ээ, баяндоочу ордунда эмес сүйлөмдөрдү көп көрөм”.
Улукбек Омокеев журналисттер туура жазууну үйрөнүү үчүн кыргыз тилинин эрежелерин жок дегенде алты ай окушу керек деген пикирде. Ал бул жаатта атайын курстарды көбөйтүү туура болмок деп эсептейт.
“Студенттердин суроосу контент жасоого түрттү”
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин окутуучусу Гүлзада Станалиева соңку бир жылга жакын убакыттан бери кыргызча туура жазууну үйрөткөн кыска видеолорду даярдап, социалдык баракчаларына жарыялап келет.
Гүлзада Станалиева, окутуучу.
“Студенттер арасында “Бул сөз кандай жазылат?” деп суроо бергендер көп. Кээде иштеп жүргөндөр деле чалып сурай беришет. YouTube платформасында кыргыз тили жөнүндө видеолор бар. Бирок алардын убактысы узак, көрүүчүлөрү аз экен. Ушундан улам былтыр ноябрда кыска видеолорду даярдап, Фейсбук, Инстаграм, Тик Токко жарыялай баштадым. Эл жакшы кабыл алды. Катталуучуларым көбөйдү. Бир жылга жакын убакытта орфографиялык эрежелердин дээрлик баарын айтып бүттүм. Эми башкаларына өтсөмбү деп жатам”, – дейт ал.
Станалиева катталуучуларына текстти жана иш кагаздарын туура жазууну да үйрөткүсү келет. Каражат табылса, IT адистеринин жардамы менен тилдин эрежелерин тест сыяктуу кылып түзүүнү каалайт.
“Эл-сөздүк” – туура жазууга да көмөкчү
Кыргыз тилинин эрежелери боюнча колдонмолор басмаканадан жыл сайын жаңырып чыкпайт. Соңку кезде бул көйгөй интернеттин жардамы менен чечилүүдө.
El-Sozduk.kg сайтын жана кыргызча Википедияны негиздеген Чоробек Сааданбек бир канча жылдан бери жазуу эрежелерин, сөздүктөрдү интернетке жайгаштырып келет. Жакындан тарта социалдык платформаларда фразеологизмдердин мааниси тууралуу контент даярдай баштады.
Чоробек Сааданбек, медиа серепчи.
“Менин долбоорлорум тилге кызыккандар, аны тереңдетип үйрөнгүсү келгендер үчүн. Фразеологизмдердин маанисин да ошол максатта жарыялап жатам. Элге туура жазгыла деп таңуулоо максатым жок. Ким кызыкса, сайтты ачып, өзү окуп алат. Илгери кыргызча туура жазууну үйрөткөн orfo.kg деген сайт ачкам. Өткөндө токтотуп койсом, колдонуучулар чалып, кайра иштетишти. Азыр El-Sozduk.kg сайттын ичине orfo.el-sozduk.kg деп киргизип койгом. Андан тышкары сайтка Кусейин Карасаев түзгөн сөздүктү жайгаштыргам. Азыр эми ар кандай долбоорлорду жазып, грант менен иштеп жатабыз. Акыркы жолу жаңы кесиптерге байланыштуу жүз терминди кыргызчага котордук. Мамлекеттик тил комиссиясы менен жети-сегиз жыл мурда кызматташып, чырдашып калганбыз. Ошондон кийин алар менен иштешким келбейт”, – деп түшүндүрдү иштин максатын адис.
Чоробек Сааданбек соңку кезде фразеологизмдердин маанисин түшүндүрүп, контент даярдап жатат.
Чоробек Сааданбек жакында АКШ өкмөтү каржылаган Бүтүрүүчүлөрдүн чакан гранттар программасынын колдоосу менен “Кесиптер сөздүгү” долбоорун иштеп чыкты. Анда IT, психология сыяктуу заманбап кесиптерде колдонулуучу терминдер кыргызчаланган.
Каталар психикага кандай таасир этет?
Медиа жаатында жүргөн эксперттердин айтымында, каталардын көптүгү ЖМКга ишенимди азайтышы мүмкүн. 2017-жылы Би-Би-Синин кабарчысы Леннокс Моррисон “Туура жазуунун чыныгы мааниси” деген макала даярдаган.
Анда соңку изилдөөлөр сайттагы ката окурмандардын көӊүлүн калтыра турганын көрсөткөнү мисал келтирилген. Кыргыз медиа айдыңындагы каталар аудиторияга кандай таасир этип жатканы азырынча изилдене элек.
Журналист, учурда психология боюнча билим алып жаткан Шайырбек Абдырахман каталардын кандай түрү болбосун аны байкаган адамды кыжырлантып, маалыматты жарыялаган медиага ишенимди төмөндөтөт дегенге кошулат:
Шайырбек Абдырахман, журналист.
“Ката, так эмес, чала даярдалган маалыматтын баары аудиторияны иренжитет. Билимдүү, сынчыл ой жүгүрткөн адам болсо туура эмес маалыматты шылдың катары кабыл алышы мүмкүн. Маалыматтар деле – кайсы бир деңгээлде товар. Философ, экономист Адам Смит убагында “Базардын көрүнбөгөн колу баарын өз ордуна коёт” деген экен. Ошол көрүнбөгөн кол ЖМК үчүн да иштейт. Катаны моюнга албагандык коомдо болсун, редакцияда болсун тиреш, келишпестик жаратышы мүмкүн”.
Бир катар медиаларда иштеген редактор Жолдош Турдубаев каталардын көп кетиши ириде аны текшерген адамга да ашыкча жүк болот деген ойдо:
Жолдош Турдубаев, редактор, адабиятчы.
“Салижан Жигитов “Мен өлгөндө бейитиме орноткон ташка “Бул киши башкалардын катасын оңдоп жүрүп өтүп кеткен” деп жазгыла”, – деген экен. Айрыкча кайталана берген каталар кээде ачууну келтирет. Негизи, ар кимиси өзүнүн текстин жарыялангандан кийин окуп, баштапкы варианты менен салыштырып койсо жакшы болмок. Бирок кээ бир журналисттер кайдыгерлик кылат экен”.
Автордон кеңеш: Кантип катаны азайтуу керек?
Жеке пикиримде, медиа өкүлдөрү сабаттуу болушу керек. Сабаттуулук маалыматтын сапатын жакшыртып, салмактуу кылат. Бир канча жылдан бери редакторлук милдетти аркалаган адис катары жаш журналисттерге катаны азайтуу боюнча төмөнкүдөй кеңештерди бергим келет.
- Тынымсыз окуу. Эне тилде жазылган китептерди окуу сөз байлыгын, башка тилдеги китептерди окуу дүйнө тааным үчүн маанилүү;
- Тилдин эрежелери тууралуу колдонмолор, сөздүктөр керек. Өзүңүздүн сатып алуу мүмкүнчүлүгүңүз аз болсо, редакцияга алдырганга аракет кылыңыз;
- Фактчекинг. Кайсы бир маалымат күмөн жаратса, дароо текшерүү зарыл, мындайда интернеттин жардамы тиет;
- Респонденттин аты-жөнүнөн ката кетирбеңиз, күдүк ой жаралып атса, чалып, тактап койгон ашыкча болбойт;
- Эч качан башка бирөөнүн жаңылыгын, макаласын дал өзүндөй кылып көчүрүп албаңыз, маалыматтар, окуялар, мыйзамдар өзгөрүп турат;
- Өзүңүз жазган маалымат жарыялангандан кийин сөзсүз артынан окуңуз. Каталарды кайталабаӊыз;
- Сынды туура кабыл алыӊыз. Редактордун сынына макул болбой, өзүңүздүкүн туура деп эсептесеңиз, аргументтериңиз ынанымдуу болушу керек;
- Редактор сиздин досуңуз да, касыңыз да эмес. Ошондой эле ал сиздин макалаңызды артыңыздан кайра жазып чыгуу үчүн да жалданган эмес. Ишти өзүңүз кылганда гана алдыга жыласыз.
Автор Санжи Туйтунова.
Бул макала USAID каржылап, Freedom House менен өнөктөштүктө ишке ашырылган Кыргызстандагы Интерньюс уюмунун “Медиа-К” долбоорунун колдоосу менен даярдалды. Бул макала көз карандысыз автордуку же авторлор тобунуку жана анын мазмуну USAID’дин, АКШ өкмөтүнүн, Internews’тун же Freedom House’тун көз карашын сөзсүз түрдө чагылдырбайт.