Кыргызстанда 20 жылдай мурун түптөлгөн “журналисттердин этика комиссиясынын” ишмердиги эмнеге солгундап калды? Айрым эксперттер “комиссия өз максатына жетип, миссиясы бүттү” десе, башкалары ал азыр да медиа чөйрөгө зарылдыгын белгилешет.
Эмнеге “этика комиссиясы” деп аталат?
Жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) үстүнөн түшкөн даттанууларды караган комиссия өзүн өзү жөнгө салуучу орган катары 2007-жылы журналисттердин республикалык курултайында түптөлгөн. Журналисттер чөйрөсү аны бейрасмий түрдө “этика комиссиясы” дейт.
Комиссия мүчөлөрү алгач 2007-жылы журналисттерин курултайында тандалып, төрт-беш жылда бир кайра шайланып келатат. Максатсы – кыргыз журналисттеринин этикалык стандарттарын көзөмөлдөө, элге бейтарап маалымат жеткирүүнү камсыз кылуу. Комиссиядагы 13 кишиден жетөө коомдук уюмдардан, алтоо журналистика чөйрөсүнөн болот. Эч кимге айлык төлөнбөйт. Комиссия мүчөлөрү түшкөн арыздарга жараша талкууга чогулушат.
Журналисттердин 23-беренеден турган Этикалык кодекси 2007-жылы кабыл алынып, 2009, 2012, 2018 жана 2022-жылдары толуктоолор киргизилген. Кодекс сунуштама мүнөзгө ээ болгондуктан, эрежелерди журналисттер өз каалоолоруна жараша аткарышат.
Кайсы бир басылмада же телерадиоканалдарда жарыяланган макала-баяндарга нааразы болгон жарандар же коомдук уюмдар комиссияга даттанып, журналисттин же редакциянын үстүнөн арызданышат.
Комиссия мүчөлөрү нааразылык айтылган макала же сюжетти Кыргызстандын журналисттеринин Этикалык кодексинин негизинде карап, чечим чыгарат. Кесиптик этика нормалары бузулган болсо, журналистке же басылмага эскертүү берилет. Эреже бузуу аныкталбаса, арыз берген тарапка аны түшүндүрүшөт.
Комиссиянын кардарлары – негизинен саясатчылар
Белгилүү журналист Жалил Сапаров бул комиссия журналистика кесибинде адеп-ахлакты калыптандырууга гана салым кошпой, коомчулуктун, айрыкча мамлекеттик кызматкерлердин медиага мамилесин өзгөрттү деп ишенет.
“Журналисттер менен саясатчылардын ортосундагы чыр-чатактарды диалог менен чечүүнүн мыкты үлгүсүн ушул комиссия көрсөттү. Көптөгөн талаштар сотко жетпей, чечимин тапты. Бул комиссия журналисттердин этикалык кодексин медиа чөйрөдө гана эмес, мамлекеттик кызматкерлердин арасында да жайылтты”.
Комиссиянын курамындагылардын айтымында, журналисттердин үстүнөн негизинен саясатчылар жана коомдук ишмерлер даттанышат. Бир канча жылдан бери комиссиянын төрайымы болуп иштеп келаткан Тамара Валиеванын белгилешинче, комиссия ишин баштагандан бери 30дан ашуун даттануу түшкөн:
“Арыздардын көбү ар-намыска шек келтирүүгө байланыштуу. Комиссия бири-бирине нааразы болгон тараптарды элдештирүүгө аракет кылат. Журналисттердин этикалык кодексин бузган журналист же жалпыга маалымдоо каражаты жарыялаган материалды төгүндөгөн маалымат чыгарат же кошумча интервью уюштуруп берет. Болбосо материалдын темасын алмаштырган учурлар бар. Мындай шартка макул болбогон арыздануучулар сотко кайрылса болот”.
Кабыл алынган чечимдер комиссиянын социалдык түйүндөгү баракчасында, ЖМКларда жарыяланып, жогорку окуу жайлардын журналистика факультеттерине да таанышуу үчүн берилет.
Комиссиянын салмагы азайдыбы?
Журналист Адиль Турдукулов акыркы кездери комиссиянын таасири чектелүү болуп калганын белгилейт. Ал муну маалымат таратууну тескеген мыйзамдардын күчөп баратышы менен негиздеди:
“Медиада этика абдан маанилүү. Маалымат айдыңындагы ишмердикти мыйзам аркылуу тескөө мүмкүн эмес. Ошондуктан, этика комиссиясы абдан маанилүү болушу керек эле. Бирок Кыргызстандагы тажрыйбанын жыйынтыгы андай болбоду. Мындай комиссия демократия өнүккөн мамлекеттерде жакшы натыйжа берет деп ойлойм. Ошондой эле, журналисттердин арасында тилектештик да маанилүү. Ал эми күч органдары жана сот тарабынан журналисттерге басым күчөгөн мамлекетте комиссиянын ишмердиги салмактуу болбойт. Мындай жагдайда Кыргызстанда комиссия өз таасирин жоготту деп ойлойм”.
Комиссияны түптөө жана ишмердигин жүргүзүүдө негизги ролду аткарган адистердин бири, “Медианы өнүктүрүү борборунун” жетекчиси Нургүл Абдыкеримова тескерисинче, алардын иши азыркы кырдаалда маанилүү деп ойлойт:
“Маалымат каражаттарынын эркиндигин чектөөгө багытталган мыйзамдар кабыл алынып, эл аралык рейтингдерде Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы начарлашынын шартында мындай өзүн-өзү жөнгө салуучу орган өзгөчө мааниге ээ. Комиссия журналистикада кесипкөйлүк стандарттарын жогорулатууга жана коомдун кызыкчылыгын коргоого көмөктөшүп, өзүн-өзү жөнгө салуунун маанилүү инструменти боло алат”.
Иш неге солгундап калды?
ЖМКнын үстүнөн түшкөн даттанууларды караган комиссия 2018-жылы этикалык кодексти жайылтуу үчүн бир катар видеороликтерди тартып, аны комиссиянын Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган. Бишкекте жана аймактарда бир канча жолу журналисттер менен талкууларды уюштурган.
Комиссия ошондой эле журналисттерге байланыштуу ар кандай жагдайларда билдирүү да жасап турган.
Бирок Фейсбуктагы баракчага комиссиянын ишмердигине байланыштуу маалымат акыркы жолу 2023-жылдын 7-ноябрында жарыялангандан бери жаңылана элек. Азыркы курамда иштеп жаткан, медиа серепчи Наргиза Нанакеева муну мындайча түшүндүрдү:
“Жаңы арыздар түшө элек. Эгерде журналисттердин үстүнөн даттануу болсо, албетте, комиссия чогулуп ишти карап, чечим чыгарылат. Социалдык баракчабыздагы акыркы пост 2023-жылы жарыяланганы чын. Себеби, бизге акыркы кайрылуу 2023-жылы болгон”.
Журналист, “Кыргыз туусу” гезитинин мурдагы башкы редактору Мырзакат Тыналиев комиссиянын экинчи курамында иштеген. Ал мурдагы жана азыркы шартты салыштырып, комиссия өз милдетин аткарып бүттү деген ойду карманууда:
“Мен комиссиянын курамында жүргөндө мурдагы депутат Динара Исаева жергиликтүү гезиттердин биринин үстүнөн даттанган. Эки тарапты ымалага келтиргенбиз, ишти сотко жеткирген эмеспиз. Редакция дагы, Исаева дагы ыраазы болгон. Ал убакта салтуу медиа басымдуулук кылган учур эле. Менимче, азыр бул комиссия өз миссиясын аткарып бүттү. Себеби, социалдык медианын өнүгүшү менен жагдай татаалдашты. Себеби, күн сайын көбөйүп бараткан блогерлерге журналисттин этикасы жөнүндө түшүндүрүүнүн өзү мүшкүл болуп калды”.
Ошентип “комиссиянын иши эмнеге солгундап калды?” деген суроо актуалдуу болуп турат. Нургүл Абдыкеримова дагы муну социалдык медианын кескин өнүгүшү менен байланыштырат:
“Комиссия социалдык медианын таасиринин тез өсүшүнүн шартында жаңы кыйынчылыктарга туш болууда, бул медиа ландшафтын жана биздин маалыматка мамилебизди өзгөрттү. Социалдык медиа салттуу медиага болгон ишенимди чектеп, туура эмес маалыматтарды жайылтууга жана манипуляция үчүн аянтча катары кызмат кылып калды. Айрыкча, “троллдор фабрикасы” көз карандысыз маалымат каражаттары жана бейөкмөт уюмдар тууралуу терс пикирлерди көп таратышты. Мындай шартта комиссия өзүнүн ишмердигин жаңы реалдуулуктарга ылайыкташы маанилүү болуп калды”.
Жаңы реалдууллукка ылайыкташууга комиссия мүчөлөрүнүн каалоосу же чечими эле жетиштүү эмес. Ал үчүн өлкөнүн булуң-бурчундагы журналисттер чогулуп, кезектеги курултайды өткөрүшү керек. Комиссиянын мындан аркы ишмердиги ошол курултайдагы чечимдерге жараша болот. Бирок бул – азыр комиссиянын жумушу биротоло аксап калды дегенди түшүндүрбөйт. Алар даттанууларды кабыл алууга, карап чыгууга дайыма даяр экенин белгилешет.
“Комиссия керек! Анткени, акыркы жылдары журналисттер соттолгон учурлар көбөйдү. Эгер комиссиянын ишин жандантып, коом арасында анын аброюн көтөрсөк, балким сотко кайрылуу азайып, маселе комиссия аркылуу эле чечилип калмак. Журналисттер коомду жаман жакка эмес, өнүгүүгө сүрөгөн кесип ээлери. Алар мамлекеттин өнүгүүсүн көздөшөт”, – дейт журналист Зулфия Тургунова.
Этика комиссиясынын дүйнөдөгү тарыхы
Журналисттик коомдун өзүн-өзү жөнгө салуу идеясы XIX-XX кылымдарда Европада жана АКШда пайда болгон. Ал учурда гезиттер маалымат айдыңында монополия түзүп, өз ишмердигин окурмандарды манипуляциялоочу курал катары пайдалана баштаган. Мындан улам кесиптик этика маселеси актуалдашкан.
1940-жылдардын орто ченинде АКШда Хатчинс комиссиясы деген топтун ишмердиги дүйнөдө журналисттик этиканы калыптандырууда чоң роль ойногон. Массалык коммуникациялар теориясы, коомдук илимдер жана философия тармагындагы алдыңкы эксперттер кирген комиссиянын мүчөлөрү бир канча жыл маалымат каражаттарынын ишин изилдешкен.
1947-жылдын 26-мартында маалымат каражаттарынын өзүн-өзү тескөө системасынын негизин түзгөн баяндама жарыялашкан. Ал баяндама дүйнөдөгү басма сөздүн жоопкерчилигинин негизги принциптерин аныктап берген.
Бүгүнкү күндө дүйнөдө ЖМКнын ишмердигин жөнгө салууда этикалык кодекстер жана байкоочу кеңештер роль ойнойт.
Санжар Эралиев, медиасынчы.
Бул макала USAID каржылап, Freedom House менен өнөктөштүктө ишке ашырылган Кыргызстандагы Интерньюс уюмунун “Медиа-К” долбоорунун колдоосу менен даярдалды. Бул макала көз карандысыз автордуку же авторлор тобунуку жана анын мазмуну USAID’дин, АКШ өкмөтүнүн, Internews’тун же Freedom House’тун көз карашын сөзсүз түрдө чагылдырбайт.