Кыргызстанда гендер темасын медиа аркылуу чагылдыруу коомдогу тең укуктуулукка жана адилеттүүлүккө жетүү үчүн маанилүү. ЖМКлар аялдардын укуктарын, гендердик зомбулукту жана стереотиптерди көрсөтүү менен көйгөйлөрдү ачыкка чыгарып, аларды чечүү жолдорун сунуштай алат.
Мындай материалдар коомчулукка бул теманын маанилүүлүгүн түшүнүүгө жардам берип, гендердик теңчиликке карай кадам таштоого шарт түзөт. Медианын туура жана калыс маалымат берүүчү катары ролу бул багытта өтө маанилүү.
Биз акыркы бир жыл ичинде Кыргызстандагы интернет басылмаларда жарыяланган гендер темасындагы материалдарды топтоштурдук. Ага ылайык, он беш сайттан 200дөн ашуун кыска жаңылык, инфографика, түшүндүрмө материал, атайын репортаж, ток-шоу, дата-материал түрүндөгү материалдарды таптык.
Алар тандалган сайттардагы «гендер», «тең укуктуулук», «аялдар квотасы», «аялдар мамлекеттик кызматта», «зомбулук» деген сөздөр аркылуу «издөө» функциясы бизге чыгарып берген гана макалалар десек болот. Төмөндө кайсы редакциялар бул темага байланыштуу кандай материалдарды жасаганына токтолобуз.
«Азаттык Радиосу»:
«Жети энени эмнеге билбейбиз? Зомбулукту жектеген өнөрпоздор»
«Эмгек министри БУУда Кыргызстандагы аялдардын өнүгүүсү жөнүндө маалымат берди»
«Аялдын турмушу – замандын күзгүсү. Бишкекте аялдарды колдоо маршы өттү»
«Садыр Жапаров аялдардын саясатка катышуусун колдоо керектигин билдирди»
«“Рахима боорукер, тың болчу”. Бычак жеген келиндин үч баласы жетим калды»
Бул «Азаттык» кайрылган гендер темасындагы материалдардын беш гана мисалдары. Мындан сырткары, зомбулукка кабылган аялдардын окуялары, статистика жана талкууларды, макалаларды тапсак болот. Негизинен, «Азаттык» аялдардын укуктарын, зомбулукка каршы күрөшүү жана гендердик теңчиликти илгерилетүү боюнча кеңири материалдарды чагылдырып келет.
Ошондой эле бул тема боюнча макалаларынын көптүгү, түрдүү форматта коомго жеткирүү менен башка редакциялардан айырмаланат.
Ток-шоулар менен жандуу талкууларды уюштуруп, коомдук көйгөйлөрдү угарман, окурмандарга жакындатат. Алардын визуалдык материалдары гендер маселесин жакшыраак түшүнүүгө шарт түзөт.
«Клооп»:
«Экономическая ловушка. Как общество и стереотипы поощряют насилие в отношении кыргызстанок»
«“Чо не ушла?” Алтын Капалова — о трех разных убийствах женщин, которые ведут к одним выводам»
«Үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндөгү мыйзамга түзөтүүлөр кирди. Эмне өзгөрөт?»
«Кайдыгер болбогула. Прокуратура элден үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу маалымат берүүнү өтүндү»
«Жакшы каралбайт. Кыргызстанда жатын моюнчасынын рагынан көз жумган аялдар»
«Клооп» күнүмдүк жаңылыктардан сырткары, жогоруда көрсөтүлгөндөй анализге, фактыга негизделген кеңири түшүндүрмө макалаларга басым жасайт. Ар тараптуу жана креативдүү ыкмаларды колдонуп, коомдук көйгөйлөрдү ачык чагылдырат.
Алар көбүнчө окуяларды коомчулукка жеткирүүдө маселенин тереңине киришет. Мыйзам жана статистика боюнча талдоо жасап, инфографика жана дата-материалдары менен көйгөйлөрдү сандар аркылуу көргөзүп, окурмандардын теманы кенен түшүнүүсүнө жардам берет.
Мисалы, «Үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндөгү мыйзамга түзөтүүлөр кирди. Эмне өзгөрөт?» аттуу макалада, ушул жылы катталган зомбулук фактылары, андан жабыркаган аялдардын окуялары менен акыркы 13 жылдагы статистиканы графика менен көрсөткөн.
Тиешелүү органдар жана эксперттер менен көйгөйдүн тамыры жана кантип чечсе боло турганы тууралуу жоопторду топтогон. Ошондой эле окурмандарга мыйзамга кандай түзөтүүлөр киргенин, мурда ал кандай болгону тизмектелип, салыштырып берилген.
Ал эми башка басылмалардын басымдуусу Үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндөгү мыйзамга түзөтүүлөр киргени тууралуу гана жаңылыкты жарыялашкан.
«Кактус»:
«Международный день девочек. Фразы, которые не стоит говорить, когда вы воспитываете дочь»
«(Пол)власти? Почему в политике так мало женщин»
«У женщин стало больше шансов защитить себя. Что дают новые поправки по борьбе с насилием»
«Статистика: женщины в КР тратят на труд по дому в пять раз больше времени, чем мужчины»
«Ранние браки. Проблемы и решения»
«Кактус» агенттиги гендердик маселелерди чагылдырууда көбүнчө жеке адамдардын окуялары аркылуу теманы жандандырат десек болот. Бул окурмандарды эмоционалдык деңгээлде кабылдоого шарт түзөт.
Алардын макалалары гендердик теңчилик, зомбулуктун алдын алуу, аялдардын укуктары жана алардын билим алуу мүмкүнчүлүктөрү сыяктуу маанилүү темаларды камтыйт. Аялдарга карата коомдогу стереотиптер каармандардын жеке окуялары аркылуу чагылдырылат.
Мындан тышкары, бул тема боюнча адистерден интервьюлар, кенен статистикалык анализдер, талдоолор визуалдык ыкмаларда берилет.
Ал эми «ПолитКлиника», «Т-Медиа» онлайн басылмаларында бул темадагы кыска жаңылыктардан сырткары, «Социалдык-психологиялык жардам көрсөтүүчү мекемелерге эң көп аялдар кайрылат. Инфографика», «Аялдар төрөттө кандай себеп менен каза болот?», «ЖерТам: Кыргызстанда ар 11 кыздын бирөөсү 18 жашка жетпей турмуш курат» деген дата-материалдар жарыяланган.
«Говори ТВ» гендер темаларын чагылдырууда көбүнчө талкуу түрүндөгү видео берүүлөргө басым жасаган. Аталган басылманын сайтынан «Зомбулуктун тамыры кайдан?», «Бычак жеген келиндин үч баласы жетим калды. Зомбулук качан токтойт?» деген темалардагы бир нече түз эфирдеги талкууларды табууга болот.
«Марал» Радиосу да күнүмдүк окуялар менен катар сүрөт баян менен бир нече кыска видеолорду жайгаштырган.
«Спутник Кыргызстан» агенттиги адистердин кеңеши менен зомбулукка кабылган аялдар кайсы жакка кайрылышы керектиги боюнча маалыматтарды жарыяласа, 24.kg, «Сереп», «Супер ТВ», «АкиПресс», «Турмуш» онлайн басылмалары бул темада эң көп кыска күнүмдүк катталган окуяларды чагылдырган.
Жогоруда биз карап чыккан интернет басылмалардын ичинен «Кактус», «Азаттык», «Клооп» сыяктуу медиалар гендер темасын терең талдоо жана фактыларга негизделген маалыматтар менен чагылдырып, өзгөчөлөнүп турат. Алар көйгөйлөрдү ачыкка чыгарып, чечүү жолдорун сунушташат.
«Говори ТВ», «ПолитКлиника», «Т-Медианын» бул темада кыска жаңылыктардан сырткары, кеңири материалдарга салыштырмалуу көп кайрылбайт. Бирок, өткөн жылдын ичинде жасаган макалаларын мультимедиялык форматта жарыялашкан. Алар өз аудиториясынын муктаждыктарын терең түшүнүү менен, жаңылыктарды жеткирүүдө жаңы технологияларды жана платформаларды колдонушат жана өздөрүнүн онлайн платформаларында жандуу жана ыңгайлуу контентти сунушташат.
Булардын бардыгы маалыматтын кеңири аудиторияга жайылуусун камсыз кылат. Мультимедиялык форматтагы материалдар, өзгөчө видео, инфографика, интерактивдүү карталар жана анимациялар аркылуу маалыматты түшүнүүнү жеңилдетүүдө жана кызыктуу кылууда маанилүү роль ойнойт. Ошондой эле, бул форматтар көрүүчүлөргө жана окурмандарга материалдар менен тереңирээк байланышты түзүүгө, ойлорун бөлүшүүгө жана талкуулоого мүмкүнчүлүк берет.
Бул медиалар өз ишмердүүлүгүндө жаңы мультимедиялык технологияларды колдонуу менен гана чектелбестен, ошол эле учурда коомдук мааниге ээ маселелерди жана актуалдуу темаларды көтөрүп чыгышат. Алардын ишмердүүлүгү журналистикадагы заманбап тенденцияларды жетектөөдө, маалыматты текшерүү жана аныктоо боюнча жоопкерчиликти жогору коюуда, ошондой эле коомдук пикирди түзүүдө чоң роль ойнойт. Мындай медиалардын иши коомдун маалымдуулугун арттырып, билим берүү жана социалдык активдүүлүктү көтөрүү үчүн маанилүү болуп эсептелет.
Албетте, ар бир медианын өзүнүн аудиториясына ылайыктуу эффективдүү форматтары бар, жана аларды туура колдонуу теманын жеткиликтүүлүгүн жогорулатат десек болот.
Алар төмөнкүлөр:
Визуалдык форматтар (видеолор, инфографикалар) – аудиторияны тартуу жана маалыматты тез жеткирүү үчүн натыйжалуу
Жеке окуялар жана талдоолор – аудиториянын темага болгон кызыгуусун жана түшүнүгүн жогорулатат
Түз эфирлер жана ток-шоулар – коомдук талкууларды жандандырып, темага ар кандай көз караштарды сунуштайт
Ал эми медиалар гендердик темаларды чагылдырууда кандай каталарды кетирет жана бул эмнеге маанилүү экени тууралуу башка макалаларыбызда токтоло турганыбызды эскертип кетели.
Айдай Беделбек кызы, медиасынчы.
Бул макала USAID каржылап, Freedom House менен өнөктөштүктө ишке ашырылган Кыргызстандагы Интерньюс уюмунун “Медиа–К” долбоорунун колдоосу менендаярдалды. Бул макала көз карандысыз автордуку же авторлор тобунуку жана анынмазмуну USAID’дин, АКШ өкмөтүнүн, Internews’тун же Freedom House’тун көз карашынсөзсүз түрдө чагылдырбайт.