Кыргызстандагы Интерньюс өлкөдөгү көз карандысыз ЖМКлардын өнүгүүсүнө багытталган «Көз карандысыз ЖМКларга колдоо көрсөтүү демилгеси» (Media-K) долбоорун ишке ашырып келет.
Интерньюс медиа тармактагы абалга такай байкоо жүргүзүп турат жана коомчулуктун көз карашын толук чагылдырган чечимдерди кабыл алууга мүмкүнчүлүк берген ар түрдүү жана калыс маалыматка жетүүнү жакшыртууга колдоо көрсөтүп келет.
Тандап алынган негизги өнөктөргө институционалдык колдоо көрсөтүлүп турат, бул өз кезегинде Кыргызстандагы ЖМКлардын көз карандысыздыгына жана каржылык жактан туруктуулугуна өбөлгө түзөт.
Интерньюс ошондой эле редакцияларга жана журналисттерге коомдук маанидеги сапаттуу контентти даярдоого колдоо көрсөтүп турат.
Медиа Полиси Институту аркылуу сотко берилген көз карандысыз медиаларга, журналисттерге укуктук колдоо көрсөтүлүп келет.