SUSI программасынын акыркы аптасында Вашингтондо болдук.
SUSI – Study of U.S. Institutes, “Америка Кошмо Штаттарын институттарын изилдөө” аталышындагы алты апталык программа экен. Буга чейин журналисттик ишмердүүлүмдө медиасабаттуулук, фактчекинг жана журналистиканын стандарттары тууралуу окутууларды өткөрүп жүргөндүктөн аталган программага жолдомо ала алдым.
SUSI программасынын катышуучулары “Америка авазынын” кеңсесинде.
Анын алкагында АКШнын борборунда жайгашкан “Америка авазы” (Voice of America) медиасынын кеңсесинде конокто болдук.
Жаңылыктар жакшы же жаман болушу мүмкүн. Бирок биз силерге чындыкты айтабыз
1942-жылдын 24-февралында, Экинчи Дүйнөлүк Согуштун эң караңгы күндөрүнүн биринде, оккупацияланган Европанын радио угармандары төмөнкүдөй кулактандырууну угушкан: “Күн сайын ушул убакта биз сиздер менен Америка жана согуш жөнүндө сүйлөшөбүз. Жаңылыктар жакшы же жаман болушу мүмкүн. Бирок биз силерге чындыкты айтабыз”. Дал ушул таптан баштап, “Америка авазынын” тарыхы башталган. Бирок кандуу согуш аяктаган соң деле бул ЖМКнын популярдуулугу өсө берген. Бүгүнкү күндө медиа 47 тилде, анын ичинен өзбек, орус, англис, жана башка тилдерде маалымат жайылтат.
“Америка авазынын” кеңсеси.
Аталган жалпыга маалымдоо каражаты өлкөдөгү эң ири медиалардын сап башында турат экен. Анын бир жумалык аудиториясы 300 миллионго жетип, АКШдагы CNN, Fox жана MSNBC News агенттиктеринин аудиориясын кошкондо дагы андан 10 эсе көптүк кылары айтылды.
Мыйзам тарабынан корголгон
Атайын долбоорлор боюнча менеджер Ибрагим Насав бизди жылуу тосуп алып, өзүнүн медиасы тууралуу чоң сыймык менен айтып берип атты.
Ал “Америка авазынын” көз карандысыздыгы жана бүтүндүгү мыйзам тарабынан 1976-жылдан бери корголуп келгенин баса белгиледи. Ошол кездеги президент Жералд Форд “Америка авазы” хартиясына кол коюп, анда бул жалпыга маалымдоо каражаты дайыма ишенимдүү жана авторитеттүү маалымат булагы катары кызмат кылары, жаңылыктарды так, объективдүү жана ар тараптуу берери жазылган.
Ибрагим Насав катышуучулар менен.
“Биздин медианын ишмердүүлүгү мыйзам тарабынан корголгон. Дал ушул себептен улам бир дагы аткаминер же саясатчы редакциянын ички саясатына кийлигише албайт”, – деп билдирди Ибрагим Насав.
Мындан тышкары, медиадагы кызматкерлердин саны миңден ашары жана дүйнөнүн булуң-бурчунда фрилансерлер менен кызматташары айтылды.
Ибрагимден тышкары Африка бөлүмүнүн башкы редактору Салем Соломон жана улуттук башкы корреспондент Стив Херман жеке тажрыйбалары менен бөлүштү.
Салем Соломондун айтымында, журналисттердин жеке жашоосу, үй-бүлөсү болсо дагы, көп ресурстарды талап кылган журналисттик кесипти алып кетүүгө дарамети жетет. Мындан тышкары, редакциянын башкы принциби элге чындыкты жеткирүү экенин айтып өттү.
Салем Соломон жана Стив Херман.
Ал эми анын кесиптеши Стив Херман буга чейин Азия өлкөлөрүнүн дээрлик баарында болгонун, жеринен материал даярдап көнгөнүн белгиледи.
“Мен жаңы өлкөгө келгенде ал тууралуу көп маалымат билбей, парашютисттей эле болом. Бирок, мисалы, ошол өлкөдөгү болуп аткан шайлоону чагылдырышым керек болуп калат. Албетте, мен бул жаатта эксперт эмесмин. Андыктан, мындай учурларда жергиликтүү экспертти жалдап, андан консультация алам”, – деди ал.
Мен жаңыдан кадам таштап аткан медиаменеджер катарыжурналисттердин ишмердүүлүгү кандай критерийлер менен бааланары, медиадагы KPI (Key Performance Indicators – натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрү) тууралуу суроо узаттым. Хармен бул суроомо журналисттер өздөрүн өздөрү шыктандырарын айтты. Мындан тышкары, “бир дагы журналист кесипке акча үчүн келбейт” деп кыскача жооп берди.
Имараттын бир капталында журналисттик ишмердүүлүктү аткарып атып, жанын берген кесиптештердин урматына арналган бурч бар экен. Ар бири тууралуу кыскача маалымат жана анын качан, кандай жагдайда дүйнө салганы жазылган.
Мерт болгон журналисттердин урматына арналган бурч.
“Америка авазы” АКШнын Глобалдык медиа боюнча агенттиги тарабынан, салык төлөөчүлөрдүн эсебинен каржыланат. Мындан тышкары агенттиктин колдоосу менен дагы 5 уюм өз ишмердүүлүгүн жүргүзөт:
- Эркин Европа/Азаттык үналгысы
- Кубанын радиоуктуруу бюросу
- Ачык технологиялар фонду
- “Эркин Азия” үналгысы
- Жакынкы Чыгыш уктуруу тармактары.
Ал эми Глобалдык медиа агенттигинин миссиясы – эркиндикти жана демократияны колдоо үчүн дүйнө жүзү боюнча адамдарды кабардар кылуу жана байланыштыруу деп айтылат веб-сайтында.
Бул макала USAID каржылап, Freedom House менен өнөктөштүктө ишке ашырылган Кыргызстандагы Интерньюс уюмунун “Медиа-К” долбоорунун колдоосу менен даярдалды. Бул макала көз карандысыз автордуку же авторлор тобунуку жана анын мазмуну USAID’дин, АКШ өкмөтүнүн, Internews’тун же Freedom House’тун көз карашын сөзсүз түрдө чагылдырбайт.
Автор Асел Сооронбаева.