Close Menu
internews.kginternews.kg
  • Биз жɵнүндɵ
    • Миссия
    • Internews Global
  • Долбоорлор
    • MEDIA-K
    • TRACK
    • CARAVAN
    • APRICOT
  • Багыттар
    • ЖМКлардын көз карандысыздыгын колдоо
    • Окутуу
    • Контент ɵндүрүү
    • Дата журналистика
    • Иликтɵɵчү журналистика
    • Аймактык журналистика
    • Жалган маалыматтарга каршы күрөш/Фактыларды текшерүү
    • Медиасын
    • Медиасабаттуулук
    • Журналисттердин коопсуздугу
    • Укуктук коопсуздук
    • Блогердик чөйрө
    • Библиотека
    • Mediа Toptoo индустриалдык форуму
    • “Умтулуу” сынагы
    • “Чындык” Форуму
    • “КурулTime” блогердик форуму
    • Билим Айтыш (Акындар жана Манасчылар)
    • Ɵнɵктɵштүк материалдар
  • Мүмкүнчүлүктɵр
    • Гранттар
    • Вакансиялар
    • Сынактар
    • Стипендиялар
    • Тендерлер
  • Байланыш
Долбоорлор
Долбоорлор

APRICOT

Апрель 7, 2024

2022-жылдын сентябрынан тартып Интерньюс Кыргызстанда жана Тажикстанда аймактык APRICOT (Accountable Practices for Reporting Information on…

TRACK

CARAVAN

MEDIA-K

Акыркы

Кыргызстанда интерактивдүү карта ишке киргизилди

Контент өндүрүүчүлөр арасында грант алуу үчүн сынак

2025-жылга карата журналистика, медиа жана технологиялар жаатындагы тенденциялар жана божомолдор

Facebook X (Twitter) Instagram YouTube Telegram
Facebook X (Twitter) Instagram YouTube Telegram
internews.kginternews.kg
  • Биз жɵнүндɵ
    • Миссия
    • Internews Global
  • Долбоорлор
    • MEDIA-K
    • TRACK
    • CARAVAN
    • APRICOT
  • Багыттар
    1. ЖМКлардын көз карандысыздыгын колдоо
    2. Окутуу
    3. Контент ɵндүрүү
    4. Дата журналистика
    5. Иликтɵɵчү журналистика
    6. Аймактык журналистика
    7. Жалган маалыматтарга каршы күрөш/Фактыларды текшерүү
    8. Медиасын
    9. Медиасабаттуулук
    10. Журналисттердин коопсуздугу
    11. Укуктук коопсуздук
    12. Блогердик чөйрө
    13. Библиотека
    14. Mediа Toptoo индустриалдык форуму
    15. “Умтулуу” сынагы
    16. “Чындык” Форуму
    17. “КурулTime” блогердик форуму
    18. Билим Айтыш (Акындар жана Манасчылар)
    19. Ɵнɵктɵштүк материалдар
    Жаңылыктар

    Кыргызстанда интерактивдүү карта ишке киргизилди

    Апрель 11, 2025
    Акыркы

    Кыргызстанда интерактивдүү карта ишке киргизилди

    Контент өндүрүүчүлөр арасында грант алуу үчүн сынак

    2025-жылга карата журналистика, медиа жана технологиялар жаатындагы тенденциялар жана божомолдор

  • Мүмкүнчүлүктɵр
    • Гранттар
    • Вакансиялар
    • Сынактар
    • Стипендиялар
    • Тендерлер
  • Байланыш
  • KGZ
    • RUS
    • ENG
internews.kginternews.kg
  • RUS
  • ENG
Home»Багыттар»Журналисттердин коопсуздугу»Журналисттер үчүн санариптик коопсуздук боюнча колдонмо

Журналисттер үчүн санариптик коопсуздук боюнча колдонмо

Июнь 26, 2024
digital survival graphic logos

Кыргызстанда да онлайн коркунучтар жана киберчабуулдар коркунучу дайыма бар болгондуктан биз GYAN PRAKASH TRIPATHI иштеп чыккан журналисттер үчүн санариптик коопсуздук боюнча колдонмонун котормосун сунуштайбыз.

Бул колдонмодон маалыматтардын коопсуздугун кантип камсыздаса болот, өзүңдү жана маалымат булактарыңды, учурда үстүндө иштеп жаткан маанилүү эмгегиңди кантип коргосо болот деген суроолорго жоопторду таба аласыз. Ал такай өзгөрүп турган онлайн-чөйрөдө адашпаганга жакшы кеңешчи боло алат.

 

Башында билүү зарыл болгон тренддер тууралуу

Максаттуу чабуулдар. Сизге өчөшкөн өкмөттөн баштап кылмыштуу топторго чейинки ар түрдүү карасанатайлар компьютериңизге жана телефонуңузга бузуп кириш үчүн, сиздеги маалыматтарды уурдап, оозуңузду жабыш үчүн татаал тактикаларды колдонушат. Сиздин акыркы иликтөөңүздүн темасы боюнча жеке сизге жиберилген фишинг кат, же сиздин телефонуңузга орнотулуп, сиздин каякта жүргөнүңүздү, каякка барганыңызды көзөмөлдөп турган зыяндуу программа сизге коркунуч жаратышы мүмкүн.

Башаламандыкты жараткан аракеттер. Маалыматтардын уурдалышы жана уруксатсыз маалыматка жетүү – учурда өтө көп кездешет. Маалымат булактары тууралуу маалыматтар, жарыялана элек эмгектер, кесиптештер менен кат алышуулар сыяктуу жашыруун маалыматтарга аңчылык кылган хакерлер үчүн маалымат каражаттары жана журналисттер чабуулга негизги бута болуп эсептелет. Сиздин иликтөөңүзгө байланыштуу маалыматтардын бардыгы уурдалып, жарыяланып кетсе анын кесепети кандай болоорун элестетип көрүңүз.

Аңдуу. Интернеттеги бардык аракеттерибизди билип алса болот, бул бизди ар түрдүү коркунучтарга жеңил бута кылат. Өтө этияттыкты талап кылган маалыматтар башка адамдын колунда болуп калышы мүмкүн деп чочулап сиз кайсы бир теманы чагылдыра албай калышыңыз ыктымал. Сиздин артыңыздан аңдыш үчүн авторитардык режимдер жана башка карасанатайлар татаал аспаптарды колдонушат, ким менен байланышканыңызга, каякка барганыңызга байкоо жүргүзүшөт. Сизге маалымат берген адам менен сүйлөшкөнүңүздү жазып алышса, же интернетте сиз жүргүзгөн издөөлөрдүн тарыхын билип алып, сизге маалыматты ким бергенин аныктап алышса, алар маалымат берген адамды коркутушу мүмкүн.

 

Бирок бардыгы маалыматтын уурдалышы менен гана чектелбеши мүмкүн

Санариптик тобокелдиктер жеке коркунучка алып келет. Онлайн-коркутуулар кадимки жашоодо да коркунуч жаратышы мүмкүн. Тилекке каршы, журналисттер, өзгөчө сезимтал темаларды көтөргөндөр доксингге (адам тууралуу жеке жана купуя маалыматты анын макулдугусуз издөө жана/же жарыялоо), онлайн-харассментке (коомдук тармактарда адамды дайыма куугунтуктоо жана/же кемсинтүү), кээде кол салууга да көп дуушар болушат. Журналисттердин жашаган даректери жалпы элге жарыяланган, журналисттерге карата коркутуулар болгон, аларга кол салган учурлар аз эмес.

Өтө маанилүү. Санариптик коопсуздугубуз – бул учурда жөн гана техникалык маселе эмес, бул биздин жалпы коопсуздугубуздун жана өзүбүздүн принцтптерибизге жараша иш алып баруубуздун негиздеринин бири болуп калды. Кырдаал кандай өзгөргөнүн жакшы билгенибиз – өзүбүздү да, биз жасап жаткан маанилүү ишибизди да коргоп, этияттык менен аракеттенгенге мүмкүндүк берет.

Бул жөн гана коркуу сезими эмес, бул коркунучтарга каршы туруу мүмкүнчүлүктөрүбүз. Санариптик коопсуздукту камсыздоо боюнча чараларды көрүп жатып, биз иликтөөлөрдү жүргүзгөнгө, маанилүү темаларга коомчулуктун назарын бурганга жана бийликтин отчеттуулугуна жеткенге мүмкүнчүлүк алабыз.

 

Купуялуулук тууралуу эмнени билишибиз керек

Маалыматтардын купуялуулугу: жеке маалыматыбызды уруксатсыз чогултуудан, колдонуудан жана жарыялоодон коргоо.

Коммуникациялардын купуялуулугу: маалымат булактары жана кесиптештер менен купуялуу түрдө маалымат алмашуу үчүн коопсуз байланыш каналдарын камсыздоо.

Түзүмдөрдүн коопсуздугу: маалымат издөө, чогултуу, байланышуу жана маалымат сактоо үчүн колдонуп келген ноутбуктарды, телефондорду жана башка девайстарды коргоо.

 

Кеңири тараган жаңылыш түшүнүктөр: санариптик мифтерди жокко чыгаруу

Миф: «Менде жашыра турган эч нерсе жок, эмнеден коркмок элем?» Чындык: сиз тууралуу жөнөкөй, баштапкы маалымат да максаттуу чабуул үчүн колдонулушу ыктымал.

Миф: «Коопсуздук программаларына ээ болуу жетиштүү». Чындык: көп катмарлуу коргоо гана физикалык, санариптик жана коомдук тобокелдиктерден сактай алат.

Миф: «Акысыз аспаптар жетиштүү». Чындык: коопсуздукту камсыздаган ишенимдүү жана натыйжалуу аспаптарга, программаларга каражат жумшоо керек болот.

 

Аспаптар жана техника

Сырсөздөр: бардык жерде күчтүү уникалдуу сырсөздөрдү жана көп факторлуу аутентификацияны (КФА) колдонуңуз.

Шифрлөө: түзүмдөрдөгү, булуттагы кампалардагы жана байланышуунун башка каналдарындагы купуялуу маалыматтарды шифрлегиңиз.

Коопсуз байланыш: маанилүү маалымат менен бөлүшүү үчүн шифрлөөсү бар Signal же Wickr Me сыяктуу мессенжерди колдонуңуз.

Гажеттердин гигиенасы: программалык камсыздоону такай жаңылап туруңуз, шектүү шилтемелерди баспаңыз, шектүү файлдарды жүктөбөңүз жана VPN колдонуңуз. Коомдук вайфайды колдонуп жатып, сиз кирип жаткан сайттардын бардыгынын дареги https:// деп башталарына көңүл буруңуз.

Жеке коопсуздук: электрондук түзүмүдөрдү күчтүү сырсөздөр менен коргоңүз жана айланаңызда болуп жаткан нерселерге дайыма байкоо жүргүзүп, этият болуңуз.

 

Бүгүнтөн баштагыла!

Сырсөздөр: бардык сырсөздөрдү алмаштырыңыз – күчтүү жана уникалдуу комбинацияларды тандаңыз. Бардык маанилүү аккаунттар үчүн КФА иштетиңиз.

Шифрлөөнү колдонуңуз: түзүмүңүздөгү жана булуттагы кампадагы маанилүү файлдарды шифрлей баштаңыз.

Коопсуз маалымат алмашуу: шифрлөөсү бар мессенжерлерди колдоно баштаңыз, маалымат булактарыңызга да аларды колдонуу зарыл экенин түшүндүрүңүз.

Баштапкы коду ачык эркин программалык камсыздоону колдонуу (FOSS): баштапкы коду жабык программалык камсыздоодон айырмаланып FOSS сиздин муктаждыктарыңызга ылайык программалык камсыздоону өзгөртүү жана жайылтуу үчүн көбүрөөк ачык-айкындуулукту, башкарууну жана эркиндикти сунуштайт.

Программалык камсыздоону колдонуу: бардык программалык камсыздоолорду такай жаңылап туруңуз, интернетте тобокелдүү аракеттерге барбаңыз.

Резервдик көчүрмөлөрдү такай жасап туруңуз: маанилүү маалыматтарды жоготуп алуу, же уурдатып алуу коркунучунан сактаныш үчүн алардын резервдик көчүрмөлөрүн такай жасап туруңуз.

Дайым эсиңизде болсун: санариптик коопсуздук тууралуу такай ойлонуп туруш керек – бул эч качан токтобогон процесс, бир жолу жасап коюп, унутуп коё турган иш эмес. Бул багытта болуп жаткан бардык нерселерге көз салып, өз ыкмаңарды жакшыртып туруңуз, санариптик коопсуздугуңуз дайыма биринчи орунда болушу зарыл.

Сүрөттүн автору — Gabrielle Rocha Rios.

Бул макала Журналисттердин эл аралык борборунун “Сабырсыздыктын толкунун токтотуу: Диний эркиндикти алдыга жылдыруу үчүн Түштүк Азия журналисттеринин тармагы” программасынын алкагында түзүлгөн Диний теманы чагылдыруу аспаптарынын бир бөлүгү катары жарыяланган болчу.

Булак ijnet.org

безопасность журналистов журналистердин коопсуздугу кибербезопасность киберкоосуздугу Санариптик коопсуздугу
Бөлүшүү Facebook Telegram Twitter Copy Link
МурункуБУУнун биологиялык ар түрдүүлүк конференциясын чагылдырууга журналисттер үчүн стипендиялар
Кийинки “Сары-Челек” коругунда аймактык журналисттер үчүн семинар болуп өттү

Башка материалдар

Январь 21, 2025

2025-жылга карата журналистика, медиа жана технологиялар жаатындагы тенденциялар жана божомолдор

Июль 15, 2024

Кыргызстан: стресс абалындагы журналистика

Июнь 13, 2024

Жер бетинде болуп жаткан окуяларды чагылдыруу. Изилдөө

Декабрь 19, 2023

Кыргызстандагы медиакеректөө боюнча изилдөөнүн жыйынтыктары сунушталды

Багыттар
  • ЖМКлардын көз карандысыздыгын колдоо
  • Окутуу
  • Контент ɵндүрүү
  • Дата журналистика
  • Иликтɵɵчү журналистика
  • Аймактык журналистика
  • Блогердик чөйрө
  • Билим Айтыш (Акындар жана Манасчылар)
  • Жалган маалыматтарга каршы күрөш/Фактыларды текшерүү
  • Медиасын
  • Медиасабаттуулук
  • Журналисттердин коопсуздугу
  • Укуктук коопсуздук
  • Библиотека
  • Mediа Toptoo индустриалдык форуму
  • “Умтулуу” сынагы
  • “Чындык” Форуму
  • “КурулTime” блогердик форуму
  • Ɵнɵктɵштүк материалдар

Кыргызстанда интерактивдүү карта ишке киргизилди

Контент өндүрүүчүлөр арасында грант алуу үчүн сынак

2025-жылга карата журналистика, медиа жана технологиялар жаатындагы тенденциялар жана божомолдор

Медиа сынчылар үчүн мобилография: Кыргызстандагы Internews’тун окуу борборунда практикалык сабактардын сериясы аяктады

Эмнеге Кыргызстанда журналисттер жөнүндө тасмалар тартылбайт?

logo_kg2

Кыргыз Республикасы

Бишкек шаары

  • [email protected]
Facebook X (Twitter) Instagram YouTube Telegram

Контент өндүрүүчүлөр арасында грант алуу үчүн сынак

2025-жылга карата журналистика, медиа жана технологиялар жаатындагы тенденциялар жана божомолдор

Медиа сынчылар үчүн мобилография: Кыргызстандагы Internews’тун окуу борборунда практикалык сабактардын сериясы аяктады

Логотип Internews Network

Internews is registered as a 501(c)3 organization in California, EIN 94-3027961, in England and Wales as a Charity no. 1148404 and Company no. 7891107 and in France as Non-Profit Association SIRET no. 425 132 347 000 13.

  • internews.org
Facebook X-twitter Linkedin
  • Миссия
  • Internews Global
  • Архив
  • Миссия
  • Internews Global
  • Архив
  • 2024
  • internews.kg

Сурамыңызды киргизип, издөө үчүн Enter басыңыз. Издөөнү токтотуш үчүн Esc басыңыз.