Соңку жылдары Кыргызстанда айрым журналисттер кесибин алмаштыра баштады. Албетте, медиа айдыңында муун өзгөрүп, жаңыланып турат. Бирок адистердин ишин эрте таштап кеткени эмнеден кабар берет? Журналистика мурдагыга караганда күчүн жоготтубу же башка себептер барбы?
Соцмедиа, пандемия жана цензура
Кутберди Алмас уулу мурда NEXT ТV каналынын Таластагы филиалында, андан кийин “Үчүнчү каналда” иштеген. Ал журналистикадан кетүү чечимин социалдык платформалардын таасири күчөгөнүнө байланыштырды.
“Инстаграм, ТикТок чыкканы аймактагы коммерциялык каналдардын иши жүрүшпөй калды. Анан кесипти алмаштырууга туура келди. Учурда Талас райондук маданият үйүндө ага усулчу болуп иштейм, сценарий жазам, атайын иш-чараларды уюштурам. Жумуштан тышкары тамадалык кылып кошумча каражат табам”.
Асхат Субанбеков “Супер Инфо” гезитинде, андан кийин бир катар маалымат сайттарында иштеген. Ал кесибин алмаштырууну 2020-жылы COVID-19 пандемиясынан кийин чечкен.
Асхат учурда SMM, жарнама жаатында иш алып барат. Кино тармагында өзүн сынап, жакында эле “Ханбийке” аттуу тасма тартты.
“Журналистикада 18 жыл жүрүпмүн. “Барс медиа” деген сайтта иштеп жатканда карантин башталды. Алты айга жакын маяна алган жокпуз. Ошол маалда өзүм ачып койгон YouTube каналдан акча түшө баштады. Жарнамалык роликтерди тартууга мурда эле кызыгып жүргөм, суроо-талап көбөйгөндө команда топтодум. Атайын студия ачкам, азыр он чакты киши иштейт. Кино дүйнөдө кирешелүү бизнес эмеспи, эми ошол жаатта өзүмдү сынап жатам”, – деди Асхат Субанбеков.
Асхат журналисттердин кесибин таштап кетишин ириде маянанын аздыгына байланыштырды. Ал соңку кезде блогерлердин маалыматты бир тараптуу бергени да медианын ролун жана ага болгон элдин ишенимин төмөндөттү деп эсептейт.
Гүлжан Алтымышбаева Ошто телеканалдарда иштеген. Бишкекке көчүп келгенден кийин НТС каналына караштуу “Санжыра” радиосунда редактор болгон. Ал акыркы эки жылдан бери соода иштери менен алектенүүдө.
“Беш балам бар, алар чоңойгон сайын керектөөлөрү көбөйөт экен. Экинчи чети, ички-тышкы цензура дагы түрткү болду. “Санжырада” “Жаргылчак” берүүсүнүн туруктуу угармандары бар эле. Алардын айрымдары түз эфирге чалып, бийликке сын айтчу. Аны “атайын эле айттырып жатасыңар” деген сөздөр болду. Ушунун баары эмоционалдык күйүгүүгө алып келди окшойт”.
Гүлжан медиа өкүлдөрү жакынкы келечекте жасалма интеллектти өздөштүрүп, жаңы журналистика пайда болушу мүмкүн деген ойдо. Бирок чыгармачылык менен иштөө үчүн сөз эркиндигинин болушу маанилүү экенин белгилей кетти.
“Журналистика жаңыча иштөөгө муктаж”
Кыргыз өкмөтү 2019-жылдан тарта бюджеттик чыгымдарды оптималдаштыруу максатында мамлекеттин карамагындагы жалпыга маалымдоо каражаттарын реформалоо ишин баштаган. 2023-жылдын аягында облустук гезиттерди чарбалык эсепке өткөрүү жөнүндө Министрлер кабинетинин токтому чыгып, 2024-жылдын башында облустук 12 гезитти бюджеттен каржылоо токтотулган.
Дамира Саалиева “Чүй баяны” гезити чарбалык эсепке өткөндөн кийин кыскартууга кабылып, башка жумуш издөөгө аргасыз болгон. Адегенде тигүүчүлүк кесипке окуп, андан кийин Аламүдүн райондук акимиатына ишке орношкон.
“Гезитте иштеп жүргөндө 17 миң сом айлык алчумун. Кыскартууга кабылгандан кийин адегенде лицейге ишке орноштум. Ал жерде университетти жаңы бүткөн адистер менен кошо ишти жаңыдан баштоого туура келди. Сайтын иштетип, тарбия завучунун милдетин убактылуу аркаладым. Журналистикада топтогон 15 жылдык тажрыйбам балдар менен тил табышканга жарайт экен. Бирок билимим туура келбегени үчүн акимиатка кеттим. Азыр педагогиканы кайрадан окуп жатам”, – деди Дамира.
Eurasia Today сайтынын кыргыз бөлүмүнүн редактору Эмилбек Момунов чакан ишкерлик менен да алектенет. Ал адегенде козу карын өстүрүп, кийин тоок багууга өткөн.
“Журналистикада бир ай иштеп, нерв коротуп 30 миң сом айлык алсаң, бизнесте андан эки эсе көп табат экенсиң. Ошондон улам айрым журналисттер мага ушул зарылбы деп кетип жатышат. Анан калса бизде эскиче иштеп көнүп калган журналисттер да жок эмес. Эл болсо жаратмандыкты, жаңы нерсени көргүсү келет турбайбы. Бирок журналисттерди заманбап ыкмалар, техника менен иштөөгө үйрөтүү үчүн да каражат керек”.
Эмилбек Момунов маалыматтык саясатты туура жүргүзүү үчүн мыкты журналисттерди даярдоого мамлекет өзү да кызыкдар болушу керек деп эсептейт.
“Журналистика кооптуу кесипке айланды”
Акыркы жылдары Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалына байланыштуу эл аралык уюмдар тынчсыздануусун билдирүүдө.
Үстүбүздөгү жылдын 16-январында Temirov LIVE долбоорунда мурда иштеп кеткен жана анда иштеп жаткан 11 журналист камакка алынган. Алардын жетөө ар кандай себеп менен үй камагына чыгарылган. Төрт журналист абакта жатат. Учурда сот иштери жүрүүдө.
Андан тышкары, Жогорку соттун жарандык жана экономикалык иштер боюнча коллегиясы “Клооп Медиа” фондун жоюу чечимин июлда кабыл алганы бир айдан кийин, 29-августта белгилүү болгон.
Журналист Жаннат Токтосунова сөз эркиндигине кысым токтобосо, ЖМКда иштегендердин саны азайышы мүмкүн деген пикирде.
“2020-жылдын октябрынан кийин башка заман келгенин Таласта “Үчүнчү каналдын” редакциясын өрттөп кеткенде түшүнгөм. Рейдерлик эмес, мыйзам аркылуу кысым эмес, түздөн-түз редакцияңа, өмүрүңө чабуул болуп жатпайбы. Өзүңөр билгендей, Temirov LIVE каналында иштеген балдардын жарымынын үстүнөн иш козголуп, жарымы абакта отурат. Мындайда ар бир адам өз коопсуздугун, жеке саламаттыгын ойлогону туура. Эч ким эч кимге милдеттүү эмес. Эгер коом журналисттерди коргобосо, анда журналисттер дагы коомду коргоого милдеттүү эмес. Ошондуктан башка тармакка кеткен кесиптештерди түшүнөм, тандоосун сыйлайм”.
Жаннат Токтосунова Талас шаарындагы “Үчүнчү каналдын” башкы директору болуп иштеген. 2020-жылы 7-июнда белгисиз бирөөлөр кеңсесине өрт койгондон кийин бул телеканалдын иши токтогон.
Govori.TV маалымат агенттигинин башкы редактору Аскер Сакыбаева ЖМКга байланыштуу бир катар мыйзамдардын сунушталышы кесибин таштаган журналисттердин катарын көбөйтүшү мүмкүн деген пикирде.
“Сөз эркиндигин чектеген ар кандай мыйзамдар сунушталууда. Журналисттер – ой жүгүрткөн адамдар да. Кырдаал кантип өзгөрүп жатканын көрүп турушат. Мурда журналистика саясатка таасир эткен деңгээлде болчу. Азыр жөн-жай сүйлөгөндөн да чочулап, момун болуп калдык. Бир жагынан дүйнөдөгү абал, согуштар да журналисттердин ишине кедергисин тийгизүүдө. Балким, жакынкы жылдары Кыргызстанга таасири күч өлкөлөр демократиялык жолго түшсө, бизде да абал өзгөрүп калар”.
Анткен менен кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин жана ал сакталарын белгилеп, жарандарды жоопкерчиликтүү болууга чакырып келет.
Эске сала кетсек, Кыргызстанда 2021-жылы “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү” мыйзам кабыл алынган. Бул мыйзам боюнча ЖМКга чыккан кайсы бир маалымат боюнча арыз түшсө, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги соттун чечимисиз эле ЖМКнын ишин эки айга токтотуп, сайтын бөгөттөп коё алат.
Ага чейин “Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө мыйзам долбоорунун жаңыдан иштелип чыккан редакциясы 9-июлда коомдук талкууга коюлган. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаевдин билдиришинче, мыйзам долбоору коомдук талкуудан кийин иштелип жатат.
Мындан тышкары ушул эле министрлик иштеп чыккан “Укук бузуулар жөнүндө” кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору 27-августта коомдук талкууга коюлган. 17-сентябрда долбоор парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинде биринчи окуудан өттү. Ага ылайык, жалпыга маалымдоо каражаттарында, сайтта, сайттын социалдык тармактардагы баракчасында жалган маалымат тараткан жеке жактарга 100 миӊ сом, юридикалык жактарга 200 миң сом айып пул салуу сунушталууда.
Жогорудагы пикирлерден улам журналисттердин кесибин таштап кетишине маянанын аздыгы, аудиториянын ЖМКга кызыгуусу азайганы, эмоционалдык күйүгүү, эң башкысы сөз эркиндигине басым күчөгөнү себеп болгонун биле алдык. Бирок коом кандай кырдаал болбосун аудиторияны изилдеп, анын муктаждыгын эске алуу менен ишин уланта берген журналисттерге муктаж экенин эске сала кетели.
Санжи Туйтунова, журналист
Бул макала USAID каржылап, Freedom House менен өнөктөштүктө ишке ашырылган Кыргызстандагы Интерньюс уюмунун “Медиа-К” долбоорунун колдоосу менен даярдалды. Бул макала көз карандысыз автордуку же авторлор тобунуку жана анын мазмуну USAID’дин, АКШ өкмөтүнүн, Internews’тун же Freedom House’тун көз карашын сөзсүз түрдө чагылдырбайт.