Кыргызстандын Журналисттер союзунда акыркы 30 жылдан ашуун убакыттан бери алгач ирет төрага алмашып, Илязбек Балташев жаңы жетекчи болду.
Анын талапкерлигин 4-октябрда Бишкекте Журналисттер союзунун X курултайына катышкандар колдоду. Уюмдун мурдагы төрагасы Абдыкадыр Султанбаев өзүнүн отчеттук баяндамасын жасап, кызматын өткөрүп берди.
Эл аралык рейтингдерде Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы анчейин көңүл жубатпай турган учурда Журналисттер союзу бийликтен көз карандысыз боло алабы?
11 журналисттин соту өтүп калган жана медиага байланыштуу талаштуу мыйзам долбоорлору талкууланып жаткан кезде Журналисттер союзунун ролу кандай болот? Бул жана башка суроолорго уюмдун жаңы төрагасы Илязбек Балташев жооп берди.
– Илязбек мырза, Журналисттер союзуна сиздин жетекчи болуп келгениңиз тууралуу кабар тарагандан кийин медиа коомчулугунда ар түрдүү пикир жаралды. Кай бири “мындай уюм дагы эле барбы?” деп таң калды. Сиз уюмдун буга чейинки ишмердигинен канчалык кабардар элеңиз?
– Бул уюм тууралуу кабарым бар эле. Мындай бир эмес, эки уюм бар экенин да билчүмүн. Бири Журналисттер союзу болсо, экинчиси Көз карандысыз журналисттер бирикмеси. Анүстүнө 2020-жылы Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин маалымат тармагын тейлеген орун басары болуп иштеп калбадымбы. Ошондо бул эки уюм менен тең кызматташып, иш-чараларына катышып жүргөм.
– Социалдык түйүндөрдө айрымдар Журналисттер союзун Совет доорунан калган эски уюм деп мүнөздөдү. Ошону менен бирге бул уюмдун керектигин айткандар да бар. Сиздин оюңузча, бүгүнкү күндө Журналисттер союзу эмне үчүн керек?
– Союздан калган дегени да туура. Анткени, менин билишим боюнча бул бирикме алгач 1959-жылы Кыргыз ССРи болуп турганда түзүлүптүр. Андан бери алты төрага алмашып, мен жетинчиси болуп калдым. Мага чейин Абдыкадыр Султанбаев 1991-жылдан бери төрага болуп иштептир. Бул союз журналисттерге эмне үчүн керек? – деген сурооңузга да бир аз алыстан жооп берет окшойм.
Кыргызстан 1991-жылы эгемен мамлекет деп жарыялангандан кийин Абдыкадыр мырза бул уюмду кайра каттоодон өткөрүп, “Журналисттер союзу коомдук бирикмеси” деп түзүлүптүр. Беш жыл сайын курултай өткөрүп, төрага шайлап, ишмердиги тууралуу журналисттер коомчулугуна отчет берип жүргөн. Ар кандай жагдайлар жаралганда кайрылууларды жасап келишкен. Бирикменин алдында Этика комиссиясын түзүүнү да демилгелеп, менин билишимче, каржылык көйгөйдөн улам ал ишке ашпай калган.
Бишкекте жакында өткөн курултайга баш калаадан жана бардык облустардан 90дой делегат катталып, алардын 70тен көбү катышты. Баары менин төрагалыкка талапкерлигимди колдошту.
Союздун мүчөлөрүнүн көбү өткөн кылымдын 90-жылдары гезиттерде иштеген, улуу муундагы ага-эжелер экен. Азырынча жаштардын саны аз. Азыр журналистика өзгөрдү. Мурда гезит-журнал көп болсо, азыр социалдык медиа күчөдү. Блогерлерди журналисттерге кошсокпу же кошпосокпу деген суроо күн тартибинде турат. Анткени, алар да коомдук пикирди жаратуучу болуп жатышат.
– Журналисттер союзунун ишин жандандыруу демилгесин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги колдоого алганын да байкадык. Мындан улам “Журналисттер союзу канчалык көз карандысыз боло алат?” деген суроо жаралууда.
– Курултайга министрдин орунбасары Марат Тагаевдин келип катышканы жана ал кишинин “Фейсбукка” жазган пикирлеринен улам мындай суроо жаралган болушу мүмкүн. Кызмат адамдары чакырылган жерге барат эмеспи. Анүстүнө Тагаев аталган министрликтин жетекчисинин маалымат тармагын караган орун басары болуп иштейт. Курултайга келген делегаттардын айрымдары Журналисттер союзунун төрагалыгына Тагаевдин да талапкерлигин көрсөтүштү. Бирок ал киши ишине байланыштуу андан баш тартып, мени колдой турганын билдирди. Бирок бул дегени министрлик Журналисттер союзунун ишине басым жасайт дегенди түшүндүрбөйт. Балким, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырарбыз. Министрликтин биздин бирикмеге ою түз деген пикирдемин.
– Бүгүнкү күндө Кыргызстанда журналисттердин алдында кандай негизги көйгөйлөр бар жана Журналисттер союзу аны чечүүгө кандай салым кошо алат?
– Төрага болуп шайлангандан кийин эле өзүмдүн беш жылдык программамды иштеп чыгууну көздөй баштадым. “Фейсбукта” коомчулук менен байланышып туруу үчүн “Журналисттер союзу” деген баракча ачтык. Медиа кызматкерлердин башын бириктирген, алардын социалдык маселелеринен тартып, укуктун маселесине чейин, ал тургай моралдык жактан колдоо көрсөтө турган уюм кылууга ниеттенип турам. Бул нерсе жобосунда да жазылган.
– Сиздин Журналисттер союзундагы ишмердигиңиз Бишкекте 11 журналисттин соту өткөн учурга, ошондой эле маалымат эркиндигин чектеши мүмкүн деген мыйзам долбоорлору талкууланып жаткан маалга туш келди. Өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалын кандай баалайсыз? Аны коргоо жана жакшыртуу үчүн кандай чараларды көрүү керек?
– Кыргызстандагы сөз эркиндиги кошуна мамлекеттерге, КМШга мүчө өлкөлөргө салыштырганда кыйла алдыда. Балким техникалык жактан артта калышыбыз мүмкүн, бирок сөз эркиндиги бир топ алдыда. Кыргызстанда цензура жок, анткени адамдар ой-пикирин ачык айтып, сүйлөй алат. Дүйнөлүк рейтингде алып караганда, билбейм. Индекстердеги ордубуз тууралуу маалыматтарды карабаптырмын.
– Анда мен эсиңизге сала кетейин. “Чек арасыз кабарчылар” эл аралык уюмунун басма сөз эркиндигинин индексинде Кыргызстан 2022-жылы 50 орунга ылдыйлап, 180 мамлекеттин арасынан 122-сапка жайгашкан. Быйыл май айындагы баяндамада кайра эки тепкичке көтөрүлүп, 120 орунду ээлеген. Дүйнөлүк рейтингде Кыргызстан сөз эркиндигинин абалы көңүл жылытпаган өлкөлөрдүн катарын толуктайт.
Маегибизди улантып, Кыргызстандык журналисттерге байланыштуу дагы бир суроону берейин. Тилекке каршы, Кыргызстанда кез-кезде журналисттердин эки фронтко бөлүнүп калганы байкалат: бийликчил жана көз карандысыз. Сиз мына ушул көйгөйдү чечүүнүн, кесиптик тилектештиктин чыныгы үлгүсүн калыптандыруунун кандай жолдорун сунуштай аласыз?
– Журналистика бир принципти көздөшү керек. Окуяларды коомго ачык жана так жеткирүү. Журналисттердин күйөрмандары болот эмеспи, сиз айтып жаткан эки жаатка бөлүнүүнү ошол күйөрмандардын ортосунда байкасак болот. Мындайча айтканда, журналист жасаган материал жарыяланса, ошого комментарий жазгандарды эки фронтко бөлүнүп, кайым айтышканын көрүп жүрөбүз. Ал эми журналисттер эки жаатка бөлүндү дегенге анчейин кошулбайм. Өлкөнүн кызыкчылыгы турган жерде мамлекеттик маалымат каражаттарында иштейби, чет элден каржыланган медиаларда иштейби, бир максатты көздөп жатканын дайыма байкайм. Айрым жагдайларда пикир келишпөөчүлүктөр болуп калса, Журналисттер союзу аларды ынтымакка алып келет деп ишенем.
– Журналисттер союзунда азыр канча мүчө бар?
– Азыркы күндө уюмдун мүчөлөрүнүн саны так эмес экен. Мен өзүм быйыл жазында мүчөлүккө арыз бергем. Ошондо мен 729-мүчө болуп катталгам. Бирок уюм отуз жылдан ашуун убакыттан бери иштеп келаткандыктан, мурдагы мүчөлөрдүн арасында көзү өткөндөр бар. Журналистикада иштебей калгандар бар. Ошону эми тактайбыз.
– Бирикмени ким каржылайт? Же мүчөлүк акы төлөнүшү керекпи?
– Совет доорунда өкмөт каржылаган. Ошондой эле журналисттердин эмгек акысынын 6% ушул уюмдун ишмердигин жакшыртуу үчүн кармап калынчу экен. Бизде андай мүчөлүк акы жок, мындан ары да болбойт. Башында айрымдар “ушундай уюм бар беле?” деп таң калганын айтпадыңызбы. Каржы жок болгондон кийин пландарды ишке ашырууда түйшүк жаралат эмеспи. Айрым иш-чараларды, окутууларды уюштурганда жергиликтүү жана чет элдик медиа өнөктөштөрдүн жардамдында уюштуруп жүрүшкөн. Мындан ары дал ушул багытта ишти өркүндөтүп, журналистикага кызыкдар жергиликтүү жана эл аралык уюмдар менен кызматташууну көздөп жатам.
– Жаңы мүчөлөрдү кантип тартасыз? Алар үчүн кандай артыкчылыктарды жасайбыз деп турасыз? Мисалы, мен мүчө эмесмин.
– Анда бул сурооңузга жоопту сизди биздин уюмга мүчө болууга чакыруудан баштайм. Баса, уюмдун төрагалыгына менин талапкерлигим көрсөтүлгөндө кээ бирлер “бул мурда гезитте иштеген эмес экен, кантип уюмду жетектейт?” деп таң калышты, ишенбегендей болушту. Мен гезитте иштегебегеним менен ТВ тармагында тажрыйбам бар, мекемелердин басма сөз кызматтарында иштегем. Журналистикадан жакшы кабардармын.
Ал эми жаңы мүчөлөрдү кантип катарыбызга тартуу маселесин айтсам, социалдык желеде журналисттер менен кызматташууну күчөтөбүз жана аларды мүчөлүккө чакырган жарыяларды чыгарабыз же иш-чараларды өткөрөбүз.
Андан тышкары, союздун сайтын жасап жатабыз. Ошол сайттын бир бурчуна “бирикмеге мүчө болуу” деген көзөнөк ачабыз. Бирок бирикменин жобосуна ылайык, мүчөлүккө арыз берүүчү адам коллегиялык кеңештин чечими менен сунушталат экен. Муну да карап чыгабыз. Талаптардын дагы бири – Журналисттер союзуна мүчө болом деген жаранда медиа тармагында үч жылдан кем эмес тажрыйба болушу кажет. Эч кандай каржылоосу жок уюмга мүчө болмок белем деген ой жаралбасын. Ар бириңизди бизге мүчө болуп, кыргыз журналистикасын чогуу өнүктүрүүгө чакырам.
– Журналисттердин коомдогу орду тууралуу жеке көз карашыңыз кандай? Азыркы заманда журналист болуу сиз үчүн эмнени билдирет?
– Азыр интернет өнүгүп, ар кандай так эмес маалыматтар тарап жаткан шартта журналисттерге да ишеним солгундап баратканын билебиз. “Бул журналист тигинин камчысын чабат”, деген ойлор да бар. Менин оюмча, журналистика таза болууга тийиш. Бийлик байкабаган кемчиликтерди чагылдырган журналисттерге эч кандай тоскоолдук болбошу керек. Мамлекеттик мекемелер дайыма журналисттердин суроолоруна так, анык жоопторду бериши шарт. Ошол эле кезде журналисттерди да жалган маалыматтарды таратпоого, башкалардын кадыр-баркына шек келтирбөөгө үндөйт элем.
– Жалган маалыматтарды таратпоого чакырам дегениңизге бир аз түшүнгөн жокмун. Так эмес маалыматтарды таратууда журналисттерди күнөөлөгөндөй болуп калбадыңызбы?
– Андай пикирден алысмын. Азыр Кыргызстанда мыйзамдар өзгөрүп жатат эмеспи. Массалык маалымат каражаттары жөнүндөгү мыйзам 1992-жылы жазылса керек эле. Ал кезде журналистика такыр башка болгон. Гезит-журналдар иштеген учур эле. Азыр интернет доору келди, ошондуктан мыйзамдарды өзгөртүү зарылчылыгы жаралды деген ойду айткым келген. Мен журналисттердин ишмердигине чек коюлбашы керек турумду карманам.
– Сиз жеке менчик “7-каналды” жетектейсиз. Бир каналдын башчысы болуп туруп жалпы журналисттердин бирикмесин башкаруу сизге кыйынчылык жаратпайбы?
– Убакытты бөлүштүрүү маселесинде башында кыйынчылык жаралат. Ал маселени чечем жана уюмдун ишин жандантуу үчүн каражат табууга киришем. Журналисттерди дайыма колдоп, коргоп иштегенге бел байлап турам.
Санжар Эралиев, журналист.
Бул макала USAID каржылап, Freedom House менен өнөктөштүктө ишке ашырылган Кыргызстандагы Интерньюс уюмунун “Медиа-К” долбоорунун колдоосу менен даярдалды. Бул макала көз карандысыз автордуку же авторлор тобунуку жана анын мазмуну USAID’дин, АКШ өкмөтүнүн, Internews’тун же Freedom House’тун көз карашын сөзсүз түрдө чагылдырбайт.