Кыргызстандагы Интерньюс «Жаңы телекөрсөтүү» пилоттук контенттик программанын 4 күндүк тренингин өткөрдү. Ага сегиз редакциянын 23 журналисти катышты. Окутуу Кыргызстандагы Интерньюстун «Медиа-К» долбоорунун алкагында өттү.
Окутууга катышкан редакциялар программага катышууга өтүнмө берген 40 редакциянын арасынан тандап алынган. Тренингдин жыйынтыгында жаңы теле- жана видеопродуктуну өндүрүү боюнча идеялардын сынагы уюштурулду. Анын жеңүүчүлөрүнө контентти өндүрүүгө грант берилет. Ал аналитикалык, маалыматтык, публицисттик, билим берүүчү, оюн-зоок ж.б. сыяктуу каалаган жанрда болушу мүмкүн.
Тренингди климатология, дата-журналистика жана теле өндүрүш боюнча тренерлер алып барышты.
Биолог Мээрим Русланбекова (Кыргызстан) тренингдин катышуучуларын климатологиянын негиздери, климаттык өзгөрүүлөр жана алардын айлана-чөйрөгө, адамдардын жашоосуна тийгизген терс таасири тууралуу илимий маалыматтар менен тааныштырып, климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу маселелерди чечүүдөгү ЖМКнын жана “чечимдерди сунуштоочу журналистиканын ” ролу кандай болушу керектиги тууралуу айтып берди.
Дата-журналист Кристина Шведа (Улууу Британия) аудиторияга климаттык журналистиканын принциптерин түшүндүрүп берип, климатка байланыштуу теманы чагылдырууда дүйнөдөгү ири медиалардын (CNN, BBC, The Economist ж.б.) маалыматтык журналистиканын аспаптарын колдонуусу боюнча мисалдарды келтирди. Бул аспаптар өтө маанилүү болуп эсептелет, анткени климаттык илим өтө чоң көлөмдөгү маалыматтар менен иштейт.
Телепродюсер Роман Лукин (Украина) журналисттердин көңүлүн кантип маанилүү коомдук-саясий темаларды чагылдырууда инфотейменттин ыкмаларын (infotainment – телематериалдарды сунуштооыкмасы, анда олуттуу темаларды жеткиликтүү жана кызыктуу кылып түшүндүрүүгө басым кылынат) колдонсо болооруна бурду. Тренингин катышуучулары ошондой эле теле өндүрүштү уюштуруу, телепрограммаларга продюсерлик кылуу жана ТВ контенттен акча табуу жолдору, анын ичинде Netflix сыяктуу ири стриминг кызматтарына сатуу боюнча жетишээрлик маалымат ала алышты.
«Жаңы телекөрсөтүү» программасынын максаты – климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу теле- жана видеопродуктулардын санын көбөйтүү жана сторителлингдин, дата-журналистиканын аспаптарын жана теманы ачууда илимий көз карашты колдонуу аркылуу контенттин сапатын жакшыртуу болуп эсептелет.
Дүйнөнүн окумуштуулар коомчулугу жана өкмөттөрү климаттын өзгөрүүсү адамзат үчүн учурдагы эң чоң коркунуч экенин моюнга алып келишет. Климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттерин адамзат азыр эле сезе баштады. Бул көйгөйдү чечиш үчүн жер шарындагы бардык өлкөлөрдүн, адамдардын бирдиктүү аракеттери жана маалыматтык саясаты керек.
Пилоттук программа 2025-жылдын июнь айына чейин ишке ашырылат. Программанын катышуучулары даярдаган материалдар Кыргызстандагы Интерньюстун сайтында жана Ютуб-каналында жарыяланып турат.
Бул программа Америка Кошмо Штаттарынын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги аркылуу (USAID Kyrgyz Republic) көрсөтүлгөн колдоо менен Кыргызстандагы Интерньюстун «Медиа-К»долбоорунун алкагында ишке ашырылып жатат.